Бүбүсара Бейшеналиеванын туулганына быйыл 99 жыл болду. Бийчини эскерүү
© Фото / Александр ФедоровКыргыз балетинин канышасы аталган Бүбүсара Бейшеналиева. Архив

© Фото / Александр Федоров
Жазылуу
Кыргыз балетинин канышасы аталган Бүбүсара Бейшеналиеванын туулганына быйыл 99 жыл болуптур. Бул инсан Кыргызстандын балет өнөрүнүн чолпон жылдызы жана түптөөчүлөрүнүн бири болуп саналат.
Бий периштеси Бүбүсара Бейшеналиева 1926-жылы 17-майда Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айылында жарык дүйнөгө келген. Болочоктогу балерина он жашка чыккан убагында ал окуган мектепке Ленинграддагы хореографиялык окуу жайга жаш таланттарды издеген адамдар келишет. Жылдыздуу тестир кыз көзгө дароо түшөт да, кийинки тагдыры чечилет. Кенжесин чоочун жерге жиберүү атасы менен энесине оңой болбогону менен кызынын келечегин ойлоп аний дешпейт. Ошентип Бүбүсара 1936-жылы Ленинграддагы хореографиялык окуу жайга өтүп, легендалуу бийчи Агриппина Ваганованын шакирти болот. Чоң сахнага 1939-жылы Кыргызстандын Москвада өткөн маданият күндөрүндө чыгат. Балерина окуу жайды 1941-жылы аяктап, Фрунзе шаарына кайтып келет.
© Sputnik / Александр ФедоровСССРдин эл артисти Бүбүсара Бейшеналиева машыгуу учурунда

СССРдин эл артисти Бүбүсара Бейшеналиева машыгуу учурунда
"Чолпон" бийчинин жылдызын жандырат. Бийчи Фрунзеге келгенден кийин Опера жана балет театрында башкы солист болот. Дал ушул жерде Бүбүсара балет өнөрүнүн туу чокусуна карай алгачкы кадамын таштайт. 1944-жылы коюлган "Чолпон" балетиндеги образы Бүбүсаранын жылдызын жандырып, элге таанытат. Ошол кездеги маалыматтарга караганда, балерина сахнага чыгат деген күнү театрдын кассасына жетүү кыйын болгон. Бийчи 1948-1949-жылдары өнөрүн өркүндөтүү үчүн ошол эле Ленинграддагы хореографиялык окуу жайда билимин улантат. Окуусун бүткөндөн кийин кайрадан Фрунзеге, өзүнүн сүйүктүү театрында кайтып келет. Өмүрүнүн аягына чейин ушул жерде иштейт.
Жөнөкөй бойдон калган. Замандаштарынын айтымында, улуу таланттын ар бир спектакли көрүүчүлөр үчүн майрам болгон. Ал гана эмес, күн сайын жүзгө жакын адам Бүбүсара ишине бара жатканда жолунан тосуп, урмат-сыйын билдирип турушкан. Алар үчүн бийчини жакындан көрүү жана саламдашуу сыймык эле. Бирок чектен ашкан элдин сүйүүсүнө карабай Бүбүсара жылдыз оорусуна кабылган эмес. Сахнадан тышкы жашоосунда эч качан жөнөкөйлүгүн жоготкон жок. Жадагалса, даңкы таш жарып турганда да өлкөнүн алыскы аймактарын кыдырып, карапайым калкка балет дүйнөсүн таанытып, тартуулап турган.
© Фото / из архива Зууракан ИмакалыковойКыргыздын тунгуч балеринасы, СССРдин эл артисти Бүбүсара Бейшеналиева жазуучу Чыңгыз Айтматов менен

Кыргыздын тунгуч балеринасы, СССРдин эл артисти Бүбүсара Бейшеналиева жазуучу Чыңгыз Айтматов менен
© Фото / из архива Зууракан Имакалыковой
Бир келген талант жана түйшүктүү эмгек. Балет сынчылары Бүбүсара Бейшеналиеванын табиятынан эле бул өнөр үчүн жаралганын белгилешкен. Анын жылдыздуу жүзү, ийкемдүү денеси жана талыкпаган эмгеги кыргыз балетинин примасына айлануусуна өбөлгө түзгөн. Кесиптештери Бүбүсаранын табият берген таланты менен гана чектелип калбай, ар дайым машыгуу үстүндө жүргөнүн айтышат. Ал ар бир кыймылын 5-6 саатка чейин кайталап, өмүрүнүн ар бир мүнөтүн бийге арнаган. Андыктан балеринанын сахнадагы ар бир кыймылы жана мимикасы өзгөчө болуп, ролдорду ийине жеткире ойногон.
Чолпондон Жулеттага чейин... Бүбүсара Бейшеналиева "Селкинчектеги" — Зайнура, "Чолпондогу" — Чолпон, "Бахчисарай фонтанындагы" — Мария жана Зарема, "Ак куулар көлүндөгү" — Одетта-Одиллия, "Анардагы" — Анар, "Кызыл кызгалдактагы" — Тао-Хоа, "Ромео жана Жульеттадагы" — Жульетта, "Франческа да Риминидеги" — Франческа, "Лауренсиядагы" Лауренсиянын ролдору кыргыз балетинин "алтын фондунан" орун алган. Талыкпаган эмгегинин үзүрү катары СССРдин эл артисти наамын алып, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыкка ээ болгон.
© Sputnik / Медиабанкка өтүү"Анар" балетинен Анардын ролунда СССРдин эл артисти Бүбүсара Бейшеналиева

"Анар" балетинен Анардын ролунда СССРдин эл артисти Бүбүсара Бейшеналиева
Улуу махабат баяны. Бүбүсара Бейшеналиева алгач композитор Акмат Аманбаевге турмушка чыккан. Алар 1946-жылы Эрмек аттуу уулдуу болот. Жубайлар кийин ажырашып кетет. Балерина чыныгы сүйүүсүн дагы бир кыргыздын улуу таланты, жазуучу Чыңгыз Айтматовдон тапканы жазылып да, айтылып да келет. Эки залкардын уламышка айланган сүйүүсү 1959-жылы Кыргыз ССРинин маданий ишмерлеринин чакан тобу Балтикадагы деңиз аскерлерине жолугушууга, концерт коюп барып калгандан башталган. Эки ашыктын Ленинград менен Москва арасында өткөргөн сүйүү кечтерин Айтматов өзү эскерип жазганы да бар. Бирок эки улуу инсандын бирге болуусу мүмкүн эмес эле. Жазуучунун ал кезде үй-бүлөсү бар болчу. Алардын сүйүүсүнө турмуш да тоскоол болуп, Бүбүсара катуу оорудан улам каза болгон. Аны акыркы сапарга узатып жатканда дүйнөгө белгилүү жазуучу эл алдында жаш баладай ыйлагандыгын замандаштары азыркыга чейин айтышат. Жазуучунун сүйүүсү балерина жашоодон айрылгандан кийин да өчкөн эмес. Ал экөөнүн улуу махабаты тууралуу "Аскада калган аңчынын ыйы" китебинде жана башка көркөм чыгармаларында жазган.
Тооруган дарт. Жашоосунун акыркы жылдарында Бүбүсара Бейшеналиеванын ден соолугу жакшы эмес эле. Ал рак илдетине чалдыгып, 1965-жылы Москва шаарында өпкөсүнө операция жасалат. Бирок бийчи мындай оор операциядан кийин да сахнага чыгуусун токтотпойт. Балерина экинчи жолу 1971-жылы катуу ооруга кабылат. Дарыгерлер анын көкүрөгүндө шишик пайда болгонун айтышат. Москва шаарында бир жылга жакын дарылангандан кийин Фрунзеге кайтып келет. Бирок айжаркын адам бир канча ай гана жашайт. Бүбүсара Бейшеналиева 1973-жылы 10-майда дүйнө салат.