https://sputnik.kg/20250626/1094910985.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңеште ЖМК тууралуу мыйзам долбоору үч окууда кабыл алынды. Талкуу учурунда маданият министринин орун басары Марат Тагаев журналисттер менен... 26.06.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-06-26T08:59+0600
2025-06-26T08:59+0600
2025-06-26T14:30+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/06/1a/1094910853_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_4fb75aa2d7d0a2166dd619e6d404c7e7.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңеште ЖМК тууралуу мыйзам долбоору үч окууда кабыл алынды. Талкуу учурунда маданият министринин орун басары Марат Тагаев журналисттер менен биргеликте иштелип чыккан компромисстик мыйзам долбоору парламентке сунушталганын, бирок экинчи окууда айрым депутаттар өздөрүнүн сунуштарын киргизгенин билдирди. Алардын арасында ЖМК негизделгенде чет элдиктердин үлүшү 35 пайыздан ашпашы керек деген жери бар. "Өлкөдө толугу менен тыштан каржыланган эл аралык медиалар бар. Алар буга чейинкидей эле каржы ала берет, болгону бул жактагы үлүшү 35 пайыздан ашпашы жана негиздөөчүсү Кыргызстандын жараны болушу керек. Бул — дүйнөлүк практика. Ал эми буга чейин катталган эл аралык ЖМКларга аталган мыйзам таасирин тийгизбейт, анткени мыйзам артка иштебейт", — деди Тагаев. Буга чейин бийлик ЖМК тууралуу мыйзам эскиргенин айтып, жаңысын сунуштаган. Анда бардык ЖМКлар мамлекеттик каттоодон өтүү зарылдыгы жазылган. Кийин ал мамлекет башчы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен кайтарып алынган.
1-июлдан тарта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин айлыгы жогорулайт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн брифингде ӨКМ башчысынын орун басары Урматбек Шамырканов билдирди."Президенттин жарлыгына ылайык, 1-июлдан тарта ӨКМдин офицердик курамынын айлыгы 25 пайызга жогорулайт. Ал эми октябрь айында калган кызматкерлердин жана кенже тейлөөчү персоналдын айлыгын көтөрүү пландалууда", — деди ал. Ошондой эле министрдин орун басары куткаруу бөлүмдөрүндө эле 1000ден ашуун бош орун бар экенин айтып, кадр тартыштыгы курч болуп жатканын кошумчалады.
Президент өзүнүн фондунан Нарын шаарын карагыла деп атайын 807 млн сом бөлгөн. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын шаарында жыйында сүйлөп жатып билдирди УКМК башчысы кечээ, 25-июнда Нарын облусуна барды. Анда ал облуска быйыл бюджеттен 9,4 млрд сом каралганын билдирди. “Нарын шаарына качан 800 миллион бөлүндү эле? Эч качан берилген эмес”, — деди Ташиев. Эске салсак, жакында эле Нарын аймагынын эли соцтармактарда облус “өгөй баладай” болуп каралбай калды деп, жолдордун начардыгына, курулуштардын бүтпөй жатканына нааразы болгон пикирлерин билдиришкен.
АКШнын Иранга жасаган соңку кадамдарынын себептеринин бири Кытайдын Тегеранга таасирин азайтуу болгон, анткен менен бул жаңжалдын экономикалык кесепети дүйнөлүк базарлардагы абалды чайпалта алган жок. Бул туурасында РИА Новостиге "Анкара-Москва" эксперттик-аналитикалык тармактын эксперти, түркиялык саясат таануучу Энгин Озер айтып берген. "Жаңжал дүйнөлүк экономикага кесепетин тийгизе алган жок. Бирок муну күтүп жатышкан. Ал тургай Ирандын Ормуз кысыгын жабам деп камынганы да мунайдын баасын көтөргөн жок", — деген серепчи. Анын айтымында, АКШнын президенти Дональд Трамп Иранга ал Кытай менен кызматташуунун бардык түрлөрүнөн баш тарттыруу үчүн үчүн болгон аракетин көрүп жатат. "Операциянын маанилүү максаттарынын бири — Пекиндин Иранга тийгизген таасирин жок кылуу жана Ирандын Индия менен биргелешкен Түндүк – Түштүк коридоруна толук колдоо көрсөтүүсүн камсыз кылуу", — деген серепчи.
Жогорку Кеңеште ЖМК тууралуу мыйзам долбоору үч окууда кабыл алынды. Талкуу учурунда маданият министринин орун басары Марат Тагаев журналисттер менен биргеликте иштелип чыккан компромисстик мыйзам долбоору парламентке сунушталганын, бирок экинчи окууда айрым депутаттар өздөрүнүн сунуштарын киргизгенин билдирди. Алардын арасында ЖМК негизделгенде чет элдиктердин үлүшү 35 пайыздан ашпашы керек деген жери бар. "Өлкөдө толугу менен тыштан каржыланган эл аралык медиалар бар. Алар буга чейинкидей эле каржы ала берет, болгону бул жактагы үлүшү 35 пайыздан ашпашы жана негиздөөчүсү Кыргызстандын жараны болушу керек. Бул — дүйнөлүк практика. Ал эми буга чейин катталган эл аралык ЖМКларга аталган мыйзам таасирин тийгизбейт, анткени мыйзам артка иштебейт", — деди Тагаев. Буга чейин бийлик ЖМК тууралуу мыйзам эскиргенин айтып, жаңысын сунуштаган. Анда бардык ЖМКлар мамлекеттик каттоодон өтүү зарылдыгы жазылган. Кийин ал мамлекет башчы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен кайтарып алынган. 1-июлдан тарта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин айлыгы жогорулайт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн брифингде ӨКМ башчысынын орун басары Урматбек Шамырканов билдирди."Президенттин жарлыгына ылайык, 1-июлдан тарта ӨКМдин офицердик курамынын айлыгы 25 пайызга жогорулайт. Ал эми октябрь айында калган кызматкерлердин жана кенже тейлөөчү персоналдын айлыгын көтөрүү пландалууда", — деди ал. Ошондой эле министрдин орун басары куткаруу бөлүмдөрүндө эле 1000ден ашуун бош орун бар экенин айтып, кадр тартыштыгы курч болуп жатканын кошумчалады.Президент өзүнүн фондунан Нарын шаарын карагыла деп атайын 807 млн сом бөлгөн. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын шаарында жыйында сүйлөп жатып билдирди УКМК башчысы кечээ, 25-июнда Нарын облусуна барды. Анда ал облуска быйыл бюджеттен 9,4 млрд сом каралганын билдирди. “Нарын шаарына качан 800 миллион бөлүндү эле? Эч качан берилген эмес”, — деди Ташиев. Эске салсак, жакында эле Нарын аймагынын эли соцтармактарда облус “өгөй баладай” болуп каралбай калды деп, жолдордун начардыгына, курулуштардын бүтпөй жатканына нааразы болгон пикирлерин билдиришкен. АКШнын Иранга жасаган соңку кадамдарынын себептеринин бири Кытайдын Тегеранга таасирин азайтуу болгон, анткен менен бул жаңжалдын экономикалык кесепети дүйнөлүк базарлардагы абалды чайпалта алган жок. Бул туурасында РИА Новостиге "Анкара-Москва" эксперттик-аналитикалык тармактын эксперти, түркиялык саясат таануучу Энгин Озер айтып берген. "Жаңжал дүйнөлүк экономикага кесепетин тийгизе алган жок. Бирок муну күтүп жатышкан. Ал тургай Ирандын Ормуз кысыгын жабам деп камынганы да мунайдын баасын көтөргөн жок", — деген серепчи. Анын айтымында, АКШнын президенти Дональд Трамп Иранга ал Кытай менен кызматташуунун бардык түрлөрүнөн баш тарттыруу үчүн үчүн болгон аракетин көрүп жатат. "Операциянын маанилүү максаттарынын бири — Пекиндин Иранга тийгизген таасирин жок кылуу жана Ирандын Индия менен биргелешкен Түндүк – Түштүк коридоруна толук колдоо көрсөтүүсүн камсыз кылуу", — деген серепчи.
Sputnik Кыргызстан
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/06/1a/1094910853_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_ea998ff2fc1826effd2f60240b5cd454.jpgSputnik Кыргызстан
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио