00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Максимальный репост
12:04
49 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Камчыбек Ташиев КРСУнун Камкорчулар кеңешинин төрагасы болуп шайланды. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти. Кеңештин отуруму бүгүн өтүп, ага Россия президентинин Чет өлкөлөр менен аймак аралык жана маданий байланыштар боюнча башкармалыгынын жетекчиси Игорь Маслов, Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов, РКӨФтүн төрагасы Артем Новиков, бизнес-өкүлдөр жана коомдук ишмерлер катышты. "КРСУ гуманитардык өнөктөштүктүн флагманы жана жаңы муундагы кадрларды даярдоого колдоо көрсөткөн аянтча болушу керек. Камкорчулар кеңеши университеттин туруктуу жана технологиялык өнүгүү багытын колдойт", — деди УКМК төрагасы. Ошондой эле КРСУнун Каржы фондунун концепциясы тааныштырылды. Ал университетке билим берүү, илимий жана инфраструктуралык долбоорлорду жасоого көмөк көрсөтөт.
Өлкөдө баалуу кагаздарга кызыгуу өсүп жатат, бирок керектүү маалыматтардын жетишсиздиги кыйынчылык жаратууда. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын вице-президенти Мыктыбек Абиров билдирди. Анын айтымында, көпчүлүк жарандар баалуу кагаздардын мүмкүнчүлүктөрүн жана аларды кантип колдонуу керектигин билишпейт. "Баалуу кагаздарга байланыштуу негизги көйгөй — элде ал тууралуу керектүү маалыматтын аздыгы. Мүмкүнчүлүктөрүн, кантип колдонуу керектигин билишпейт. Бирок каржылык сабаттуулукту көтөрүү жаатында мамлекет дагы, биз дагы тынбай иш алып барып жатабыз. Учурда элдин арасында кызыккандар көбөйдү. Бул тармактагы ийгиликтер мамлекет менен тыгыз байланышкан, анткени мамлекет компаниялардын капиталын көбөйтүп, инвестиция салып жатат", — деди Абиров. Вице-президент учурда Кыргыз фондулук биржасында модернизациялоо иштери жүрүп жатканын белгиледи. Ошондой эле ал парламент баалуу кагаздар тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизгенин кошумчалады.
Ысык-Көлдө туристтик милициянын кызматкери чөгүп бара жаткан 10 жаштагы баланы куткарып калды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти. Окуя 24-июнда Жети-Өгүздөгү эски порттун жээгинде болгон. "Бала суунун тереңине кирип кетип, чыга албай калган. Жакын жерде жүргөн милиция кызматкери Акылбек Макеев кыйкырык үндөрдү угуп, дароо сууга секирип, баланы жээкке чыгарган", — деп айтылат маалыматта. Ысык-Көл ОИИБи жарандарды сууда коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат.
Жаңылыктар түрмөгү
0
OSZAR »