https://sputnik.kg/20250427/kyrgyzstandagy-kop-koldonulgan-elektromobilderdin-baasy-1093585596.html
Кыргызстанда көп колдонулган электромобилдердин баасы — инфографика
Кыргызстанда көп колдонулган электромобилдердин баасы — инфографика
Sputnik Кыргызстан
Sputnik Кыргызстан ар жума сайын автокөлүктөрдүн баасы тууралуу маалымат берип келет. Бул жолу электромобилдердин наркы бир айдын ичинде кандай өзгөргөнүн... 27.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-27T18:07+0600
2025-04-27T18:07+0600
2025-04-28T09:18+0600
кыргызстан
автоунаа
баалар
анализ
кымбаттоо
арзандоо
инфографика
https://sputnik.kg/img/07e7/09/1d/1079025919_0:262:1201:938_1920x0_80_0_0_5ae3d6e901f77cce20770311ba91bd4b.png
Биз autobaza.kg, cars.kg жана mashina.kg сайттарын карап чыктык. Ар кайсы сайттардагы баалар бири-биринен азыраак айырмаланышы мүмкүн. Окурмандарга ыңгайлуу болушу үчүн автоунаалардын орточо баасы көрсөтүлдү. Эл көп колдонгон электромобилдердин катарына төмөнкү моделдер кирди:Баасы бир топ арзандаган автоунаалардын катарына Zeekr 001 2023-жылкы модели менен кирди. Ал 8 200 долларга арзандаган. Мындан тышкары, Honda M-NV темир тулпарынын 2023-жылдагы модели 3 100 долларга, ал эми Volkswagen ID.4 автоунаасынын 2022-жылкы модели 3 300 долларга түшкөн. Ошондой эле Zeekr 001 (2022-жылкы модели), Nissan Leaf I (2013-жылкы модели) 1000 долларга арзандаган.Баасы өскөн автоунаалардын арасында Weltmeister EX5 (2019-ж. модель) бар, ал 2 600 долларга кымбаттаган. Tesla Model 3 (2021-ж.) 2 900 долларга, Nissan Leaf I (2012-ж.) 800 долларга кымбаттаган.Белгилей кетсек, бардык жылдарда чыккан Zeekr 001 жана Honda M-NV арзандаган. Tesla Model 3 темир тулпарынын баасы жылына жараша ар башка болгон.Мурдагы анализ 22-мартта жүргүзүлгөн, ошол кезде доллардын баасы 87,01 сом эле. Бүгүнкү күндө АКШнын акчасы — 87,31 сом.
Sputnik Кыргызстан
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/09/1d/1079025919_0:150:1201:1051_1920x0_80_0_0_debe824cb806cda90609c364227c0329.pngSputnik Кыргызстан
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, автоунаа, баалар, анализ, кымбаттоо, арзандоо, инфографика, инфографика
кыргызстан, автоунаа, баалар, анализ, кымбаттоо, арзандоо, инфографика, инфографика
Кыргызстанда көп колдонулган электромобилдердин баасы — инфографика
18:07 27.04.2025 (Жаңыртылды: 09:18 28.04.2025) Sputnik Кыргызстан ар жума сайын автокөлүктөрдүн баасы тууралуу маалымат берип келет. Бул жолу электромобилдердин наркы бир айдын ичинде кандай өзгөргөнүн аныктадык.
Биз autobaza.kg, cars.kg жана mashina.kg сайттарын карап чыктык. Ар кайсы сайттардагы баалар бири-биринен азыраак айырмаланышы мүмкүн. Окурмандарга ыңгайлуу болушу үчүн автоунаалардын орточо баасы көрсөтүлдү. Эл көп колдонгон электромобилдердин катарына төмөнкү моделдер кирди:
Баасы бир топ арзандаган автоунаалардын катарына Zeekr 001 2023-жылкы модели менен кирди. Ал 8 200 долларга арзандаган. Мындан тышкары, Honda M-NV темир тулпарынын 2023-жылдагы модели 3 100 долларга, ал эми Volkswagen ID.4 автоунаасынын 2022-жылкы модели 3 300 долларга түшкөн. Ошондой эле Zeekr 001 (2022-жылкы модели), Nissan Leaf I (2013-жылкы модели) 1000 долларга арзандаган.
Баасы өскөн автоунаалардын арасында Weltmeister EX5 (2019-ж. модель) бар, ал 2 600 долларга кымбаттаган. Tesla Model 3 (2021-ж.) 2 900 долларга, Nissan Leaf I (2012-ж.) 800 долларга кымбаттаган.
Белгилей кетсек, бардык жылдарда чыккан Zeekr 001 жана Honda M-NV арзандаган. Tesla Model 3 темир тулпарынын баасы жылына жараша ар башка болгон.
Мурдагы анализ 22-мартта жүргүзүлгөн, ошол кезде доллардын баасы 87,01 сом эле. Бүгүнкү күндө АКШнын акчасы — 87,31 сом.