https://sputnik.kg/20250511/1093905403.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарды Индия жана Пакистанга барбай турууга чакырды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматта Тышкы... 11.05.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-05-11T15:00+0600
2025-05-11T15:00+0600
2025-05-11T15:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/05/0b/1093905271_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_eced1186f69a2283d7264b271921bf05.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарды Индия жана Пакистанга барбай турууга чакырды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматта Тышкы иштер министрлиги Индия жана Пакистандын чектеш аймактарында куралдуу кагылышуулар тууралуу билдирүүлөр көбөйгөнүн жана учурдагы кырдаал оордугун эске алып, абал толук турукташмайынча кыргызстандыктарга аталган өлкөлөргө баруудан баш тартуу туура болорун эскертет. Министрлик аталган мамлекеттердин аймагында жүргөн Кыргыз жарандарына этияттык жана коопсуздук чараларын жогорку деңгээлде сактоону сунуштайт. Ошондой эле авиация тармагындагы учурдагы чектөөлөргө байланыштуу, транзиттик авиация аркылуу өтүү, Индия же Пакистан аймагы аркылуу үчүнчү өлкөлөргө чыгууда олуттуу кыйынчылыктар жаралып жаткандыгын эске алууну белгилейт. Муну менен катар маалыматта аба каттамдары кырдаал турукташкандан кийин гана толук кандуу калыбына келери күтүлүп жатканы айтылат. “Кооптуулук жаралган учурларда жарандар Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө, Пакистандагы жана Индиядагы элчиликтерге ишеним телефондору аркылуу кайрылса болот”, - деп айтылат маалыматта.
Кыргызстандык Валентина Шевченко чемпиондук наамын дагы бир ирет коргоду Канаданын Монреал шаарында өткөн UFC 315 мелдешинде жеңил салмак чениндеги UFC уюмунун учурдагы чемпиону Валентина Шевченко франциялык Манон Фиорону жеңип, чемпиондук наамын коргоду. Валентина Шевченко менен Фиоронун кармашы мелдештин башкы беттеши болуп, беш раундга созулду. Калыстар бир добуштан жеңишти Шевченкого ыйгарышты. 37 жаштагы Шевченконун карьерасында 25 жеңиш, төрт жеңилүү жана бир тең чыгуу бар. Жалпысынан бул анын титулдук күрөштөгү 10 ирет жеңиши. Ал титулду сегиз жолу коргоп, эки жолу жеңип, бир жолу утулуп калган. 35 жаштагы Фиоро 12 жеңиш жана эки жеңилүүгө туш болгон.
Түркияда кармалган кыргызстандык мугалим Азамат Нурматов үй камагына чыгарылганын жубайы маалымдады. Анын айтымында, Нурматовго Түркиянын аймагынан чыгууга тыюу салынган, ал мейманканада жашап турат. Бул боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги да маалымат берип, мугалим Газиантеп провинциясынын сотунун 9-майдагы чечиминен улам үй камагына чыгарылганын билдирди. "Министрлик Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу жана Нурматовдун жактоочусу менен биргеликте анын мыйзамдуу кызыкчылыгын коргоону улантууда. Маселе министрликтин өзгөчө көзөмөлүндө турат", – дешти мекемеден.
Россиянын президенти Владимир Путиндин Украина менен түз сүйлөшүү жүргүзүү сунушу Москва жана Киев үчүн улуу күн болуп калышы мүмкүн. Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамп Truth Social социалдык тармагына жазганын РИА Новости билдирди. "Россия жана Украина үчүн улуу күн. Бүтпөгөн кандуу согуш аягына чыкса жүз миңдеген өмүр соолубай аман каларын ойлоп көрүңүз. Бул таптакыр жаңы жана алда канча жакшы дүйнө болот. Ал үчүн эки тарап менен тең иштешүүнү улантам. Өз кезегинде АКШ кайра калыбына келтирүүгө жана соодага басым жасагысы келет. Алдыда бизди олуттуу апта күтүп жатат", — деп жазган Ак үйдүн башчысы.
Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарды Индия жана Пакистанга барбай турууга чакырды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматта Тышкы иштер министрлиги Индия жана Пакистандын чектеш аймактарында куралдуу кагылышуулар тууралуу билдирүүлөр көбөйгөнүн жана учурдагы кырдаал оордугун эске алып, абал толук турукташмайынча кыргызстандыктарга аталган өлкөлөргө баруудан баш тартуу туура болорун эскертет. Министрлик аталган мамлекеттердин аймагында жүргөн Кыргыз жарандарына этияттык жана коопсуздук чараларын жогорку деңгээлде сактоону сунуштайт. Ошондой эле авиация тармагындагы учурдагы чектөөлөргө байланыштуу, транзиттик авиация аркылуу өтүү, Индия же Пакистан аймагы аркылуу үчүнчү өлкөлөргө чыгууда олуттуу кыйынчылыктар жаралып жаткандыгын эске алууну белгилейт. Муну менен катар маалыматта аба каттамдары кырдаал турукташкандан кийин гана толук кандуу калыбына келери күтүлүп жатканы айтылат. “Кооптуулук жаралган учурларда жарандар Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө, Пакистандагы жана Индиядагы элчиликтерге ишеним телефондору аркылуу кайрылса болот”, - деп айтылат маалыматта. Кыргызстандык Валентина Шевченко чемпиондук наамын дагы бир ирет коргоду Канаданын Монреал шаарында өткөн UFC 315 мелдешинде жеңил салмак чениндеги UFC уюмунун учурдагы чемпиону Валентина Шевченко франциялык Манон Фиорону жеңип, чемпиондук наамын коргоду. Валентина Шевченко менен Фиоронун кармашы мелдештин башкы беттеши болуп, беш раундга созулду. Калыстар бир добуштан жеңишти Шевченкого ыйгарышты. 37 жаштагы Шевченконун карьерасында 25 жеңиш, төрт жеңилүү жана бир тең чыгуу бар. Жалпысынан бул анын титулдук күрөштөгү 10 ирет жеңиши. Ал титулду сегиз жолу коргоп, эки жолу жеңип, бир жолу утулуп калган. 35 жаштагы Фиоро 12 жеңиш жана эки жеңилүүгө туш болгон. Түркияда кармалган кыргызстандык мугалим Азамат Нурматов үй камагына чыгарылганын жубайы маалымдады. Анын айтымында, Нурматовго Түркиянын аймагынан чыгууга тыюу салынган, ал мейманканада жашап турат. Бул боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги да маалымат берип, мугалим Газиантеп провинциясынын сотунун 9-майдагы чечиминен улам үй камагына чыгарылганын билдирди. "Министрлик Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу жана Нурматовдун жактоочусу менен биргеликте анын мыйзамдуу кызыкчылыгын коргоону улантууда. Маселе министрликтин өзгөчө көзөмөлүндө турат", – дешти мекемеден. Россиянын президенти Владимир Путиндин Украина менен түз сүйлөшүү жүргүзүү сунушу Москва жана Киев үчүн улуу күн болуп калышы мүмкүн. Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамп Truth Social социалдык тармагына жазганын РИА Новости билдирди. "Россия жана Украина үчүн улуу күн. Бүтпөгөн кандуу согуш аягына чыкса жүз миңдеген өмүр соолубай аман каларын ойлоп көрүңүз. Бул таптакыр жаңы жана алда канча жакшы дүйнө болот. Ал үчүн эки тарап менен тең иштешүүнү улантам. Өз кезегинде АКШ кайра калыбына келтирүүгө жана соодага басым жасагысы келет. Алдыда бизди олуттуу апта күтүп жатат", — деп жазган Ак үйдүн башчысы.
Sputnik Кыргызстан
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/05/0b/1093905271_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_03c0d1efbc295bfd65a3267c6d857705.jpgSputnik Кыргызстан
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио