00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:00
5 мин
Жаңылыктар
19:00
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
3 мин
Будь в курсе
С пакетом по Чолпон-Ате: могут ли вас оштрафовать
08:03
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Мугалимдердин кагаз иштеринин саны кыскарды. Эми 13 гана отчёт тапшырат
09:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
3 мин
Личный интерес
По зову памяти: кто и зачем собирает биографии героев войны и труда
10:03
34 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрү менен айыл чарба өсүмдүктөрүн зыянкечтерден коргоодо тыгыз кызматташат
11:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Путёвка без блата: Минтруда наводит порядок в системе оздоровления
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Псориаз оорусу тыкыр сакайтуу мүмкүн эмес. Териге кам көрүү
13:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Можно ли избежать осложнений при родах - беседа с гинекологом
14:05
60 мин
Ачык кеп
Балдар рагынын биринчи белгилерин аныктоого аймактардагы педиатрлар окутулат
15:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Первый дунганин в небе СССР: история пилота Салиха Шимова
16:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Өспүрүм менен ата-эненин мамилеси. Баланын жашоосуна кантип, качан аралашуу керек?
17:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Новый закон о недвижимости: что изменится для арендаторов и владельцев квартир
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Согуш талаасында баатырларча курман болгон Советтер Союзунун Баатыры Манзус Ванахун
19:06
36 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
Что в холодильнике — то и в бюджете: как питание влияет на экономику страны
20:06
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Балдар рагынын биринчи белгилерин аныктоого аймактардагы педиатрлар окутулат
21:04
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Россиянын “кара тизмесиндеги” мигранттарга кайрылып, убакытты текке кетирбөөгө чакырды. Анын айтымында, РФ президенти Владимир Путинге өлкө башчы Садыр Жапаров кайрылып, дагы бир мүмкүнчүлүк берилүүдө. Ошондой эле ал “кара тизмедеги” 70 миң мекендештин үч миңге жакыны гана реестрден чыкканын белгиледи. “Убакытты текке кетирбей аймактык миграция бөлүмдөрүнө же Кыргызстандын Россиядагы элчилигине жана консулдук мекемелерине кайрылып, керектүү маалыматтарды тактап, укуктук абалды мыйзамдаштыруу жол-жоболорун баштаңыздар. “Сентябрга чейин убакыт бар да” деп жүрө бербеңиздер. Анткени аз калганда полиция бөлүмдөрүндө, миграция кызматтарында, элчилик жана консулдуктарда кезек көп болуп, үлгүрбөй калышыңыздар мүмкүн”, — деген Кулубаев. Ошондой эле ал Россия тарап ички иштер бөлүмдөрүнүн иштөө убактысын эки саатка узартканын кошумчалаган. Министр 1-сентябрга чейин реестрден чыкпагандар депортация болорун эскертип, коюлган талаптар жеңил эле экенин айткан.
Түркияда кармалган кыргызстандык мугалим Азамат Нурматов үй камагына чыгарылганын жубайы маалымдады. Анын айтымында, Нурматовго Түркиянын аймагынан чыгууга тыюу салынган, ал мейманканада жашап турат. Бул боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги да маалымат берип, мугалим Газиантеп провинциясынын сотунун 9-майдагы чечиминен улам үй камагына чыгарылганын билдирди. "Министрлик Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу жана Нурматовдун жактоочусу менен биргеликте анын мыйзамдуу кызыкчылыгын коргоону улантууда. Маселе министрликтин өзгөчө көзөмөлүндө турат", – дешти мекемеден. Эске салсак, Караколдогу Кусейин Карасаев атындагы балдар лицейинин мугалими Азамат Нурматов апрелдин аягында окуучуларын математика боюнча эл аралык олимпиадага алып бара жатып, Түркияга киргенде Стамбулдун аэропортунан кармалган. Ал "Маариф" мектебинде иштейт, өзү да "Сапат" түрк лицейин бүтүргөн.
Кыргызстандык чоң энелер Дубайда өткөн International Dubai Arts Festival бий сынагында Гран-прини утуп алды. Бул тууралуу Балет федерациясы кабарлады. Конкурска 12 аял барган. Улуусу 79, кичүүсү 42 жашта экени айтылат."Кыргызстандан барган чоң энелердин бийи көрүүчүлөр менен жюрилерди суктантты. Алар фестивалды көркүнө чыгара алды", — деп билдирди федерация. Сынакка Түркия, Бириккен Араб Эмираттары, Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстандын бий топтору да катышкан.
КЭДР лидери Ким Чен Ын эгер Батыш Россияга чабуул жасаса жардам берүүгө убада берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Ал Американын тарапташтары Россияга чабуул жасоо ойлорунан баш тартпаса Пхеньян тарабынан жооп болорун эскертти. "Корея-Россия келишимине ылайык, душмандардын чабуулун кайтаруу үчүн эч тартынбастан КЭДР куралдуу күчтөрүн колдонуу буйругун берем", — деди ал. Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын башчысы Валерий Герасимов 26-апрелде президент Владимир Путинге отчет бергенде Түндүк Кореянын Курск облусунда украин аскерлерин талкалоодо көрсөткөн жардамын өзгөчө белгиледи. Путин кореялык жоокерлерге, Ким Чен Ынга жана корей элине ыраазычылык билдирген.
Жаңылыктар түрмөгү
0
OSZAR »