https://sputnik.kg/20250630/1095008078.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
ЖККУнун ТИМ башчылары Жеңиштин 80 жылдыгына арналган маркага мөөр басыштыТакыр-Төрдүн жырылышы. Бишкек — Кой-Таш — Ысык-Ата жолу тазаландыЖапаров ЖККУнун ТИМ... 30.06.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-06-30T15:00+0600
2025-06-30T15:00+0600
2025-06-30T15:30+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/06/1e/1095007946_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_a2a3e5c4615d9608d06dc69a1ee2729c.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
ЖККУнун ТИМ башчылары Жеңиштин 80 жылдыгына арналган маркага мөөр басыштыТакыр-Төрдүн жырылышы. Бишкек — Кой-Таш — Ысык-Ата жолу тазаландыЖапаров ЖККУнун ТИМ башчыларын кабыл алдыАлдыда кененирээкПрезидент Садыр Жапаров Чолпон-Атада ЖККУга мүчө мамлекеттердин ТИМ жетекчилерин кабыл алып, маанилүү болгон маселелерди талкуулады. Бул туурасында өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Жолугушууга Беларустун ТИМ жетекчиси Максим Рыженков, Казакстандан Мурат Нуртлеу, Россиядан Сергей Лавров, Тажикстандан Мухриддин Сироджиддин жана ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов катышты. Алар менен Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев да болду.Уюмдун ичиндеги кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле эл аралык көйгөйлөргө жана коркунучтарга каршы туруу маселелеринде эл аралык түзүмдөр менен кызматташууну тереңдетүү боюнча пикир алмашуу жүрдү.Тышкы иштер министрлери Жапаровго жылуу кабыл алгандыгы жана жолугушууну жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдиришкен. Министрлер азыркы көйгөйлөр чакырыктарга жана коркунучтарга жоопту майнаптуу кылып кайтаруу үчүн күч-аракеттерди бириктирүүнүн маанилүүлүгүн айтып, Кыргызстандын ЖККУга төрагалыгынын алкагындагы демилгелерин колдогон.
Чолпон-Атада өтүп жаткан ЖККУнун ТИМ башчыларынын кеңешинде Жеңиштин 80 жылдыгына арналган маркага мөөр басуу салтанаты болду. "Кыргыз почтасы" мекемеси быйыл мындай 500 марка чыгарган эле.Почта белгисине мөөр басуу салтанатына тышкы иштер министрлери жана ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов катышты. Маркага Совететр Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин сүрөтү түшүрүлгөн. Эске салсак, бул күндөрү Ысык-Көлдө ЖККУнун ТИМ башчылар кеңешинин отуруму өтүп жатат. Мөөр басуу — марканын расмий колдонууга кабыл алынганын белгилеген процедура.
Россия Сербиядагы кырдаалга көз салып турат жана башаламандыктын токтошуна кызыкдар. Бул туурасында РФтин ТИМ башчысы Сергей Лавров Чолпон-Атадагы ЖККУнун министрлер кеңешинин отурумунан кийинки маалымат жыйында айтты. "Ар кайсы мамлекеттердин ички окуяларында кызыкчылыктарын алдыга коюп, аны таңуулап, жайылтууга аракет кылган Батыш өлкөлөрү бул жолу түстүү ыңкылап уюштурууга барбайт деп абдан үмүттөнөбүз", — деген РФ ТИМ башчысы. Дипломат кандай көйгөй болбосун, аны кепке келүү, диалог аркылуу чечүү керектигин белгилеген. Эске салсак, Сербиянын борбору Белград шаарында студенттер жана оппозиция парламенттик шайлоонун датасын мөөнөтүнөн мурда белгилөөнү талап кылып, нааразылык акцияларын өткөрүүдө. Кагылыш катуу болгондуктан жекшембиге караган түнү тартип сакчылардын ичинен 48и жаракат алып, 77 киши кармалганы айтылды.
Бишкек — Кой-Таш — Ысык-Ата жолунун 40,4-чакырымы автоунаалар үчүн ачылды. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди. "ДЭП-25, ӨКМ жана айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин күчү менен жол 29-июнь күнү кечки саат 20:00дө ачылды", — деп айтылат маалыматта.Эске салсак, 27-июнда Ысык-Ата районундагы Такыр-Төр көлү жырылып кеткен. Суу ташкыны Алмалуу жана Кебек бий айылдарынын ортосундагы бир көпүрөнү агызган. Жалпысынан 950 тургун эвакуацияланып, убактылуу жайларга жайгаштырылган. Жабыркагандар, бузулган үйлөр катталган эмес. Ал эми жогоруда аталган жол тилкесин ылай каптап, жабылып калган.
ЖККУнун ТИМ башчылары Жеңиштин 80 жылдыгына арналган маркага мөөр басыштыТакыр-Төрдүн жырылышы. Бишкек — Кой-Таш — Ысык-Ата жолу тазаландыЖапаров ЖККУнун ТИМ башчыларын кабыл алдыАлдыда кененирээкПрезидент Садыр Жапаров Чолпон-Атада ЖККУга мүчө мамлекеттердин ТИМ жетекчилерин кабыл алып, маанилүү болгон маселелерди талкуулады. Бул туурасында өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Жолугушууга Беларустун ТИМ жетекчиси Максим Рыженков, Казакстандан Мурат Нуртлеу, Россиядан Сергей Лавров, Тажикстандан Мухриддин Сироджиддин жана ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов катышты. Алар менен Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев да болду.Уюмдун ичиндеги кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле эл аралык көйгөйлөргө жана коркунучтарга каршы туруу маселелеринде эл аралык түзүмдөр менен кызматташууну тереңдетүү боюнча пикир алмашуу жүрдү.Тышкы иштер министрлери Жапаровго жылуу кабыл алгандыгы жана жолугушууну жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдиришкен. Министрлер азыркы көйгөйлөр чакырыктарга жана коркунучтарга жоопту майнаптуу кылып кайтаруу үчүн күч-аракеттерди бириктирүүнүн маанилүүлүгүн айтып, Кыргызстандын ЖККУга төрагалыгынын алкагындагы демилгелерин колдогон.Чолпон-Атада өтүп жаткан ЖККУнун ТИМ башчыларынын кеңешинде Жеңиштин 80 жылдыгына арналган маркага мөөр басуу салтанаты болду. "Кыргыз почтасы" мекемеси быйыл мындай 500 марка чыгарган эле.Почта белгисине мөөр басуу салтанатына тышкы иштер министрлери жана ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов катышты. Маркага Совететр Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин сүрөтү түшүрүлгөн. Эске салсак, бул күндөрү Ысык-Көлдө ЖККУнун ТИМ башчылар кеңешинин отуруму өтүп жатат. Мөөр басуу — марканын расмий колдонууга кабыл алынганын белгилеген процедура.Россия Сербиядагы кырдаалга көз салып турат жана башаламандыктын токтошуна кызыкдар. Бул туурасында РФтин ТИМ башчысы Сергей Лавров Чолпон-Атадагы ЖККУнун министрлер кеңешинин отурумунан кийинки маалымат жыйында айтты. "Ар кайсы мамлекеттердин ички окуяларында кызыкчылыктарын алдыга коюп, аны таңуулап, жайылтууга аракет кылган Батыш өлкөлөрү бул жолу түстүү ыңкылап уюштурууга барбайт деп абдан үмүттөнөбүз", — деген РФ ТИМ башчысы. Дипломат кандай көйгөй болбосун, аны кепке келүү, диалог аркылуу чечүү керектигин белгилеген. Эске салсак, Сербиянын борбору Белград шаарында студенттер жана оппозиция парламенттик шайлоонун датасын мөөнөтүнөн мурда белгилөөнү талап кылып, нааразылык акцияларын өткөрүүдө. Кагылыш катуу болгондуктан жекшембиге караган түнү тартип сакчылардын ичинен 48и жаракат алып, 77 киши кармалганы айтылды.Бишкек — Кой-Таш — Ысык-Ата жолунун 40,4-чакырымы автоунаалар үчүн ачылды. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди. "ДЭП-25, ӨКМ жана айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин күчү менен жол 29-июнь күнү кечки саат 20:00дө ачылды", — деп айтылат маалыматта.Эске салсак, 27-июнда Ысык-Ата районундагы Такыр-Төр көлү жырылып кеткен. Суу ташкыны Алмалуу жана Кебек бий айылдарынын ортосундагы бир көпүрөнү агызган. Жалпысынан 950 тургун эвакуацияланып, убактылуу жайларга жайгаштырылган. Жабыркагандар, бузулган үйлөр катталган эмес. Ал эми жогоруда аталган жол тилкесин ылай каптап, жабылып калган.
Sputnik Кыргызстан
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/06/1e/1095007946_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_3e3e82efb2257e31b8fca35e010b5118.jpgSputnik Кыргызстан
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио