https://sputnik.kg/20250615/kyrgyzstan-kattoo-ayyp-migratsiya-1094647368.html
Каттоого турбай жүргөн кыргызстандыктарга айып салуу сунушталууда
Каттоого турбай жүргөн кыргызстандыктарга айып салуу сунушталууда
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Кыргызстанда жер которгондорду каттоого турууга милдеттендирүү сунушталууда. Укук бузуулар кодексине тиешелүү өзгөртүүлөр коомдук... 15.06.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-06-15T17:18+0600
2025-06-15T17:18+0600
2025-06-15T17:18+0600
кыргызстан
каттоо
түндүк
айып
миграция
https://sputnik.kg/img/07e8/0b/11/1090233541_0:111:2336:1425_1920x0_80_0_0_6943f33a6eb097fe6409d36dfc47a53b.jpg
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Кыргызстанда жер которгондорду каттоого турууга милдеттендирүү сунушталууда. Укук бузуулар кодексине тиешелүү өзгөртүүлөр коомдук талкууга чыгарылды.Маалыматка ылайык, жашаган жерин алмаштыргандар же 45 күндөн ашык убактылуу жашай тургандар 10 күндүн ичинде каттоого турууга милдеттүү. Бирок жоопкерчилик каралбагандыктан жарандар бул жобону аткарбай келери айтылган.Мындан улам каттоого турбагандарга карата административдик жоопкерчилик киргизүү сунушталган. Жашаган жерин өзгөрткөндөр каттоосун жаңыртпаганы 10 күндөн ашса 1000 сом айып каралууда. Бул нерсе кайталанса айып 2000 сомго өсөт.Ошондой эле жаранга турак жай берип жаткандарга, тагыраагы, батир ээлерине да жоопкерчилик каралган. Жеке адамдар үчүн 1000 сом, юридикалык жактар үчүн 10 000 сом айып салынат.Ошондой эле жарандар онлайн-каттоодон “Түндүк” мобилдик тиркемеси же мамлекеттик портал аркылуу өтө алышары белгиленген.
https://sputnik.kg/20250427/kiymylsyz-mulk-kelishim-tunduk-tirkeme-1093599087.html
Sputnik Кыргызстан
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0b/11/1090233541_144:0:2192:1536_1920x0_80_0_0_1ad83884ba4f49e264084062330ded82.jpgSputnik Кыргызстан
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, каттоо, түндүк, айып, миграция
кыргызстан, каттоо, түндүк, айып, миграция
Каттоого турбай жүргөн кыргызстандыктарга айып салуу сунушталууда
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Кыргызстанда жер которгондорду каттоого турууга милдеттендирүү сунушталууда. Укук бузуулар кодексине тиешелүү өзгөртүүлөр коомдук талкууга чыгарылды.
Маалыматка ылайык, жашаган жерин алмаштыргандар же 45 күндөн ашык убактылуу жашай тургандар 10 күндүн ичинде каттоого турууга милдеттүү. Бирок жоопкерчилик каралбагандыктан жарандар бул жобону аткарбай келери айтылган.
“Былтыр өлкөдө 7,3 миллион киши жашаса, анын 263 миңге жакыны каттоосуз калган. Бул мамлекеттик кызматтарды туура пландаштырууда жана коммуналдык системаларды башкарууда тоскоолдук жаратууда”, — деп жазылган документтин негиздемесинде.
Мындан улам каттоого турбагандарга карата административдик жоопкерчилик киргизүү сунушталган. Жашаган жерин өзгөрткөндөр каттоосун жаңыртпаганы 10 күндөн ашса 1000 сом айып каралууда. Бул нерсе кайталанса айып 2000 сомго өсөт.
Ошондой эле жаранга турак жай берип жаткандарга, тагыраагы, батир ээлерине да жоопкерчилик каралган. Жеке адамдар үчүн 1000 сом, юридикалык жактар үчүн 10 000 сом айып салынат.
Ошондой эле жарандар онлайн-каттоодон “Түндүк” мобилдик тиркемеси же мамлекеттик портал аркылуу өтө алышары белгиленген.