https://sputnik.kg/20250603/1094390904.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
2-июнда 2025/26-окуу жылына мектепке электрондук каттоонун экинчи этабы башталды. Каттоо 15-августка чейин уланат. Агартуу министрлигинин мектепке кабыл алуу... 03.06.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-06-03T19:00+0600
2025-06-03T19:00+0600
2025-06-03T19:20+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/06/03/1094390772_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_43d73f975803aba74e6f413ff9e7ac27.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
2-июнда 2025/26-окуу жылына мектепке электрондук каттоонун экинчи этабы башталды. Каттоо 15-августка чейин уланат. Агартуу министрлигинин мектепке кабыл алуу порталындагы маалыматка ылайык, жалпы 289 772 орун бар. Бүгүнкү күндө 132 миңден ашуун бала биринчи жана экинчи класстарга катталды. Дагы 157 миңден ашуун орун калды. Алардын 28 миңден ашууну жеңилдетүү каралган орундар. 593 орун күтүү режиминде турат. Портал саат сайын жаңыланып турат. Белгилей кетсек, быйыл бул кызмат арыз берүү процессин бир топ жеңилдетүүдө. Ата-энелер баласын мектепке бир нече мүнөттүн ичинде түз эле смартфонунан каттап жатышат. Эскерте кетсек, Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги Агартуу министрлиги менен биргеликте ушул жылдын март айында Tunduk мобилдик тиркемесинде жаңы кызматтын бет ачарын өткөргөн.
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Айт намаз мечиттерде окуларын кабарлады. Маалыматка ылайык, 7:00дөн баштап баяндар айтылып, намаз окуу тартиптери түшүндүрүлөт. Ал эми намаз 7:30да башталары айтылды. Быйыл Курман айт 6-июнда белгиленет. Ал эми 5-июнь арапа болот. Буга байланыштуу кыргызстандыктар үч күн иштебейт.
Бийлик цементке болгон бааны жөнгө салуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу ниетинде Бул үчүн курулуш материалын социалдык маанидеги товарлардын тизмесине киргизүү сунушталууда. Эгер ишке ашса, мамлекетке баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөөгө жана калктын кызыкчылыгын коргоого жол ачылат. Экономика министрлиги цементти өлкөгө алып кирүүгө тыюу салынгандан кийин жана сезондук фактордон улам заводдор өз продукциясына бааны көтөрө баштаганын эскертти.
Экономика жана коммерция министрлиги фискалдык программалык камсыздоону (ФПК) киргизүүнү пландоодо. Өкмөттүн тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Маалыматка ылайык, программа аркылуу маалыматтар онлайн-режимде салык органдарына берилет.Пилоттук долбоорго Бишкек жана Ош шаарларындагы ресторан-барлар, 50 орундан көп мейманканалар жана май куюучу жайлар милдеттүү түрдө катышат. Калган ишкерлер долбоорго ыктыярдуу негизде кошула алышат. Долбоор ийгиликтүү ишке ашса келечекте аккредитациядан өтпөгөн программаларга тыюу салынып, ФПО бизнестин бардык тармагына милдеттүү түрдө киргизилери кошумчаланды.
Россия менен Украинанын Стамбулдагы сүйлөшүүсүнөн кандайдыр бир чукул чечим күтүү туура эмес. Бул тууралуу РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды."кандайдыр бир тез чечимдерди же жылыштарды күтүү туура эмес, бирок иш уланууда", — деди Песков сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасына комментарий берип жатып.2-июнда Стамбулда Россия менен Украинанын делегацияларынын сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасы өттү. Натыйжада Москва менен Киев оорулуу жана оор жарадар болгон туткундарды, ошондой эле 25 жашка чейинки туткундарды алмашууну макулдашты. Мындан тышкары, тараптар каза болгондордун сөөгүн алып кетүү үчүн айрым аймактарда атышууну токтотууну макулдашты.
2-июнда 2025/26-окуу жылына мектепке электрондук каттоонун экинчи этабы башталды. Каттоо 15-августка чейин уланат. Агартуу министрлигинин мектепке кабыл алуу порталындагы маалыматка ылайык, жалпы 289 772 орун бар. Бүгүнкү күндө 132 миңден ашуун бала биринчи жана экинчи класстарга катталды. Дагы 157 миңден ашуун орун калды. Алардын 28 миңден ашууну жеңилдетүү каралган орундар. 593 орун күтүү режиминде турат. Портал саат сайын жаңыланып турат. Белгилей кетсек, быйыл бул кызмат арыз берүү процессин бир топ жеңилдетүүдө. Ата-энелер баласын мектепке бир нече мүнөттүн ичинде түз эле смартфонунан каттап жатышат. Эскерте кетсек, Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги Агартуу министрлиги менен биргеликте ушул жылдын март айында Tunduk мобилдик тиркемесинде жаңы кызматтын бет ачарын өткөргөн.Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Айт намаз мечиттерде окуларын кабарлады. Маалыматка ылайык, 7:00дөн баштап баяндар айтылып, намаз окуу тартиптери түшүндүрүлөт. Ал эми намаз 7:30да башталары айтылды. Быйыл Курман айт 6-июнда белгиленет. Ал эми 5-июнь арапа болот. Буга байланыштуу кыргызстандыктар үч күн иштебейт.Бийлик цементке болгон бааны жөнгө салуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу ниетинде Бул үчүн курулуш материалын социалдык маанидеги товарлардын тизмесине киргизүү сунушталууда. Эгер ишке ашса, мамлекетке баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөөгө жана калктын кызыкчылыгын коргоого жол ачылат. Экономика министрлиги цементти өлкөгө алып кирүүгө тыюу салынгандан кийин жана сезондук фактордон улам заводдор өз продукциясына бааны көтөрө баштаганын эскертти. Экономика жана коммерция министрлиги фискалдык программалык камсыздоону (ФПК) киргизүүнү пландоодо. Өкмөттүн тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Маалыматка ылайык, программа аркылуу маалыматтар онлайн-режимде салык органдарына берилет.Пилоттук долбоорго Бишкек жана Ош шаарларындагы ресторан-барлар, 50 орундан көп мейманканалар жана май куюучу жайлар милдеттүү түрдө катышат. Калган ишкерлер долбоорго ыктыярдуу негизде кошула алышат. Долбоор ийгиликтүү ишке ашса келечекте аккредитациядан өтпөгөн программаларга тыюу салынып, ФПО бизнестин бардык тармагына милдеттүү түрдө киргизилери кошумчаланды.Россия менен Украинанын Стамбулдагы сүйлөшүүсүнөн кандайдыр бир чукул чечим күтүү туура эмес. Бул тууралуу РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды."кандайдыр бир тез чечимдерди же жылыштарды күтүү туура эмес, бирок иш уланууда", — деди Песков сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасына комментарий берип жатып.2-июнда Стамбулда Россия менен Украинанын делегацияларынын сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасы өттү. Натыйжада Москва менен Киев оорулуу жана оор жарадар болгон туткундарды, ошондой эле 25 жашка чейинки туткундарды алмашууну макулдашты. Мындан тышкары, тараптар каза болгондордун сөөгүн алып кетүү үчүн айрым аймактарда атышууну токтотууну макулдашты.
Sputnik Кыргызстан
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/06/03/1094390772_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_f835ecb699d6015a126e077f02f7bcee.jpgSputnik Кыргызстан
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио