https://sputnik.kg/20250609/1094497818.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргыз режиссёрунун тасмасы Сочидеги "Евразия-Кинофестте" көрсөтүлдүРоссия армиясы АКШ Киевге берген Abrams танкаларынын дээрлик баарын жок кылдыПрезидентке... 09.06.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-06-09T11:00+0600
2025-06-09T11:00+0600
2025-06-09T11:20+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/06/09/1094497686_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_c1bf4c6af56af617fd1e73f4cff93b60.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргыз режиссёрунун тасмасы Сочидеги "Евразия-Кинофестте" көрсөтүлдүРоссия армиясы АКШ Киевге берген Abrams танкаларынын дээрлик баарын жок кылдыПрезидентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору алмаштыАлдыда кененирээкКР президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору алмашты. Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев берген арызына ылайык ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Ошондой эле президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, Калчакеева Айгүл Калчакеева президентке караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору болуп дайындалды.
2025-жылдын биринчи беш айында Кыргызстандан мал чарба продукциясынын экспорттоонун көлөмү өскөн. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, сүт азыктарынын экспорттук көлөмү 16 462 тоннаны түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 3 628 тоннага көп болду. Экспорттун туруктуу өсүшү төмөнкү багыттар боюнча байкалууда: сырлар 242 тоннага; сары май 684 тоннага; кургак сүт 294 тоннага көбөйгөн. Башка мал чарба товарлары: балык тоюту 452 тонна; уйдун териси 381 тонна; тоок субпродукттары 240 тоннага; уй субпродукттары 215 тоннага; бал 40 тоннага көп экспорттолгон. Ошондой эле быйыл тоок жумурткасынын экспорту жакшы көрсөткүчтөргө ээ болуп, 5 айда 12,7 млн даананы түздү.
Режиссёр Дастан Жапар Россияда өтүп жаткан "Евразия-Кинофест" деп аталган кинофестивалда "Качкын. Чек арадагы келишим" (Сделка на границе") аттуу тасмасын тартуулады. Фильм баңгизат ташыган эки курьердин кулчулуктан качкан кызды таап алышын баяндап, адам сатуу көйгөйүн козгойт. Sputnik агенттигине берген маегинде Дастан Жапар 90-жылдары кино тармагындагы байланыштар үзүлгөнүн, "Евразия-Кинофест" сыяктуу иш-чаралар алаканы калыбына келтирүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи. "Бул жердеги атмосфера абдан жакты. Мындай фестивалдар, айрыкча "Евразия-Кинофест", биздин өлкөлөрдүн кино тармагын интеграциялоодо маанилүү роль ойнойт", — деди режиссёр. Сочиде II эл аралык "Евразия-Кинофест" 6-июнда башталып, 13-июнга чейин уланат. Форум Евразиядагы кино ишмерлеринин башын бириктирип, таланттарды колдоону көздөйт.
Россиянын Куралдуу күчтөрү АКШ Украинага жөнөткөн Abrams танкаларынын дээрлик бардыгын жок кылып, болгону бешөө калды. Бул туурасында РИА Новости жазып чыкты. 2023-жылдын январында АКШнын ошол кездеги президенти Жозеф Байден Украинага алардын өндүрүшүнөн чыккан 31 М1 Abrams берилгенин жар салган. РИА Новостинин эсептөөлөрүнө таянсак, 2024-жылдын февралынан тарта Россия армиясы 26 Abrams танкасын талкалаган. Биринчи бутага бул кубаттуу техниканы "Центр" тобунун аскерлери былтыр 26-февралда Авдеев багытындагы согушта алган. Анткен менен айбаттуу танкага украиналык аскерийлердин өздөрүнүн ичи чыкпаганы туурасында да айтылган. Abrams — АКШнын согуштук негизги танкасы. Аны чыгаруу 1980-жылдын 28-февралында башталган. Убакыттын өтүшү менен бир нече жолу жаңыртылган.
Кыргыз режиссёрунун тасмасы Сочидеги "Евразия-Кинофестте" көрсөтүлдүРоссия армиясы АКШ Киевге берген Abrams танкаларынын дээрлик баарын жок кылдыПрезидентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору алмаштыАлдыда кененирээкКР президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору алмашты. Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев берген арызына ылайык ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Ошондой эле президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, Калчакеева Айгүл Калчакеева президентке караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору болуп дайындалды.2025-жылдын биринчи беш айында Кыргызстандан мал чарба продукциясынын экспорттоонун көлөмү өскөн. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, сүт азыктарынын экспорттук көлөмү 16 462 тоннаны түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 3 628 тоннага көп болду. Экспорттун туруктуу өсүшү төмөнкү багыттар боюнча байкалууда: сырлар 242 тоннага; сары май 684 тоннага; кургак сүт 294 тоннага көбөйгөн. Башка мал чарба товарлары: балык тоюту 452 тонна; уйдун териси 381 тонна; тоок субпродукттары 240 тоннага; уй субпродукттары 215 тоннага; бал 40 тоннага көп экспорттолгон. Ошондой эле быйыл тоок жумурткасынын экспорту жакшы көрсөткүчтөргө ээ болуп, 5 айда 12,7 млн даананы түздү. Режиссёр Дастан Жапар Россияда өтүп жаткан "Евразия-Кинофест" деп аталган кинофестивалда "Качкын. Чек арадагы келишим" (Сделка на границе") аттуу тасмасын тартуулады. Фильм баңгизат ташыган эки курьердин кулчулуктан качкан кызды таап алышын баяндап, адам сатуу көйгөйүн козгойт. Sputnik агенттигине берген маегинде Дастан Жапар 90-жылдары кино тармагындагы байланыштар үзүлгөнүн, "Евразия-Кинофест" сыяктуу иш-чаралар алаканы калыбына келтирүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи. "Бул жердеги атмосфера абдан жакты. Мындай фестивалдар, айрыкча "Евразия-Кинофест", биздин өлкөлөрдүн кино тармагын интеграциялоодо маанилүү роль ойнойт", — деди режиссёр. Сочиде II эл аралык "Евразия-Кинофест" 6-июнда башталып, 13-июнга чейин уланат. Форум Евразиядагы кино ишмерлеринин башын бириктирип, таланттарды колдоону көздөйт.Россиянын Куралдуу күчтөрү АКШ Украинага жөнөткөн Abrams танкаларынын дээрлик бардыгын жок кылып, болгону бешөө калды. Бул туурасында РИА Новости жазып чыкты. 2023-жылдын январында АКШнын ошол кездеги президенти Жозеф Байден Украинага алардын өндүрүшүнөн чыккан 31 М1 Abrams берилгенин жар салган. РИА Новостинин эсептөөлөрүнө таянсак, 2024-жылдын февралынан тарта Россия армиясы 26 Abrams танкасын талкалаган. Биринчи бутага бул кубаттуу техниканы "Центр" тобунун аскерлери былтыр 26-февралда Авдеев багытындагы согушта алган. Анткен менен айбаттуу танкага украиналык аскерийлердин өздөрүнүн ичи чыкпаганы туурасында да айтылган. Abrams — АКШнын согуштук негизги танкасы. Аны чыгаруу 1980-жылдын 28-февралында башталган. Убакыттын өтүшү менен бир нече жолу жаңыртылган.
Sputnik Кыргызстан
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/06/09/1094497686_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_3cc6d216b289da35c70d048ed6ffb8a8.jpgSputnik Кыргызстан
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио