https://sputnik.kg/20250515/1093978483.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Ушул жылдын январь-апрель айларында Социалдык фонддун Коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгына 2 584 кайрылуу келип түшкөн. Фонддон билдиришкендей, анын... 15.05.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-05-15T08:59+0600
2025-05-15T08:59+0600
2025-05-15T09:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/05/0f/1093978351_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_8d670f3ae4bb717426649a8fecfac523.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Ушул жылдын январь-апрель айларында Социалдык фонддун Коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгына 2 584 кайрылуу келип түшкөн. Фонддон билдиришкендей, анын ичинде: жазуу түрүндө кайрылуулар – 140; ооз эки кайрылуулар – 354; Социалдык фонддун жетекчилиги тарабынын кабыл алынды – 44 жаран; ишеним телефондор аркылуу – 1341; уюлдук ишеним телефону аркылуу – 705. Жарандардын жазуу жүзүндөгү кайрылуулары пенсиялардын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө; мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө; пенсияларды индексациялоо тууралуу; пенсияга укугу боюнча; пенсия чектөө, пенсияларды өз убагында төлөө жана туура эсептөө тууралуу; пенсиянын өлчөмүн кайра эсептөө боюнча; пенсиянын топтоо бөлүгүндө пенсиялык топтоолорун чектөө жана төлөө жөнүндө; фонддун ишмердүлүгү боюнча келип түшөт.
ЕАЭБ өлкөлөрүндө илимий даражаларды өз ара таанууга даярдык жүрүп жатат. Бул тууралуу ЕЭКтин сайтында кабарланды. Маалыматка ылайык, комиссиянын коллегиясы макулдашуунун долбоорун жактырып, союзга мүчө өлкөлөргө жөнөткөн. "Макулдашууда уюмга кирген өлкөлөрдө берилген илимий наамдар боюнча документтерди түз таануу каралган. Мындай кадам окумуштууларга ЕАЭБдин башка мамлекеттеринде илимий ишмердүүлүк менен алектенүүгө мүмкүнчүлүк берет. Документ илимпоздордун ишке орношуусуна кошумча түрткү болуп, илимий кызматташтыкты жана тажрыйба алмашууну өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. Бул курал таланттуу адистерди тартууга жана инновацияларды өнүктүрүүгө дем берет", — деди ЕЭКтин экономика жана финансы саясаты боюнча министри Бахыт Султанов. Ошондой эле 2024-жылдын май айында ЕАЭБде илимий даражаларды өз ара таануу тууралуу макулдашуу күчүнө киргени кошумчаланды.
18-майда “Музейдеги түн” акциясы ѳтѳт. Бул тууралуу Улуттук тарых музейинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Борбор Азиядагы эң ири музейлердин бири – Улуттук тарых музейинин масштабдуу иш-чарасына 10 миңге жакын кѳрүүчүнүн катышуусу күтүлүүдѳ. Белгилей кетсек, 18-май Эл аралык музейлер күнүнө карата жыл сайын өлкөдөгү бардык музейлерде “Музейдеги түн” иш-чарасы өтөт. Бул күнү саат 17.00дөн 22.00гө чейин иш-чаранын алкагында музейлерде көргөзмөлөр, концерттик программалар, викториналар уюштурулуп, тасмалар көрсөтүлөт.
Россияга каршы салына турган санкциялардын жаңы пакетинен АКШ тараптан колдоо болбосо натыйжа чыкпайт. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазып чыкканын РИА Новости кабарлады. "Европалык лидерлер убадалап жаткан масштабдуу санкциялар ири саясий тоскоолдуктарга туш болуп, АКШнын колдоосу жок Россияны зыянга учуратуу планы ишке ашпайт", — деп айтылат макалада. Мындан тышкары, Евробиримдикте барган сайын чектөөлөр боюнча ача пикир көбүрөөк болуп жатканы белгиленген.Эскерте кетсек, шейшемби күнү Европа дипломатиясынын башчысы Евробиримдик санкциялардын 17инчи пакети боюнча иштеп жатканын кабарлаган.
Ушул жылдын январь-апрель айларында Социалдык фонддун Коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгына 2 584 кайрылуу келип түшкөн. Фонддон билдиришкендей, анын ичинде: жазуу түрүндө кайрылуулар – 140; ооз эки кайрылуулар – 354; Социалдык фонддун жетекчилиги тарабынын кабыл алынды – 44 жаран; ишеним телефондор аркылуу – 1341; уюлдук ишеним телефону аркылуу – 705. Жарандардын жазуу жүзүндөгү кайрылуулары пенсиялардын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө; мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө; пенсияларды индексациялоо тууралуу; пенсияга укугу боюнча; пенсия чектөө, пенсияларды өз убагында төлөө жана туура эсептөө тууралуу; пенсиянын өлчөмүн кайра эсептөө боюнча; пенсиянын топтоо бөлүгүндө пенсиялык топтоолорун чектөө жана төлөө жөнүндө; фонддун ишмердүлүгү боюнча келип түшөт. ЕАЭБ өлкөлөрүндө илимий даражаларды өз ара таанууга даярдык жүрүп жатат. Бул тууралуу ЕЭКтин сайтында кабарланды. Маалыматка ылайык, комиссиянын коллегиясы макулдашуунун долбоорун жактырып, союзга мүчө өлкөлөргө жөнөткөн. "Макулдашууда уюмга кирген өлкөлөрдө берилген илимий наамдар боюнча документтерди түз таануу каралган. Мындай кадам окумуштууларга ЕАЭБдин башка мамлекеттеринде илимий ишмердүүлүк менен алектенүүгө мүмкүнчүлүк берет. Документ илимпоздордун ишке орношуусуна кошумча түрткү болуп, илимий кызматташтыкты жана тажрыйба алмашууну өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. Бул курал таланттуу адистерди тартууга жана инновацияларды өнүктүрүүгө дем берет", — деди ЕЭКтин экономика жана финансы саясаты боюнча министри Бахыт Султанов. Ошондой эле 2024-жылдын май айында ЕАЭБде илимий даражаларды өз ара таануу тууралуу макулдашуу күчүнө киргени кошумчаланды.18-майда “Музейдеги түн” акциясы ѳтѳт. Бул тууралуу Улуттук тарых музейинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Борбор Азиядагы эң ири музейлердин бири – Улуттук тарых музейинин масштабдуу иш-чарасына 10 миңге жакын кѳрүүчүнүн катышуусу күтүлүүдѳ. Белгилей кетсек, 18-май Эл аралык музейлер күнүнө карата жыл сайын өлкөдөгү бардык музейлерде “Музейдеги түн” иш-чарасы өтөт. Бул күнү саат 17.00дөн 22.00гө чейин иш-чаранын алкагында музейлерде көргөзмөлөр, концерттик программалар, викториналар уюштурулуп, тасмалар көрсөтүлөт.Россияга каршы салына турган санкциялардын жаңы пакетинен АКШ тараптан колдоо болбосо натыйжа чыкпайт. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазып чыкканын РИА Новости кабарлады. "Европалык лидерлер убадалап жаткан масштабдуу санкциялар ири саясий тоскоолдуктарга туш болуп, АКШнын колдоосу жок Россияны зыянга учуратуу планы ишке ашпайт", — деп айтылат макалада. Мындан тышкары, Евробиримдикте барган сайын чектөөлөр боюнча ача пикир көбүрөөк болуп жатканы белгиленген.Эскерте кетсек, шейшемби күнү Европа дипломатиясынын башчысы Евробиримдик санкциялардын 17инчи пакети боюнча иштеп жатканын кабарлаган.
Sputnik Кыргызстан
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/05/0f/1093978351_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_15b73d7967177a51caaa6898ec11bb8a.jpgSputnik Кыргызстан
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио