https://sputnik.kg/20250521/1094120134.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Садыр Жапаров иш сапар менен Будапештке барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.Өлкө башчыны Венгриянын министри — премьер-министрдин... 21.05.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-05-21T11:00+0600
2025-05-21T11:00+0600
2025-05-21T11:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/05/15/1094120002_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_abbb92d957b604c8d71530c74d00bcd8.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Садыр Жапаров иш сапар менен Будапештке барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.Өлкө башчыны Венгриянын министри — премьер-министрдин канцеляриясынын башчысы Гергей Гуйяш жана башка расмий адамдар тосуп алышты.Жапаров иш сапардын алкагында Түрк мамлекеттер уюмуна катышуучу өлкөлөрдүн жетекчилеринин бейформал саммитине катышат.
Майыптыкты аныктоо боюнча комиссиядан өтүү мөөнөтүн узартуу сунушталды. Документти Юстиция министрлиги даярдап, коомдук талкууга чыгарды. Азыркы тартипте майыптыкты жыл сайын тастыктоо талап кылынат. Жаңы долбоор боюнча, I топ — 7 жылда бир; II топ — 4 жылда бир; III топ — 2 жылда бир узартууну сунуштап жатат Маалыматка ылайык, өлкөдөгө 217 миңден ашык мүмкүнчүлүгү чектелген жаран бар. Анын ичинен I топтогулар адатта айыкпас дарттар менен жабыркашат. Майыптык мөөнөтүн узартуу жарандардын кайра-кайра экспертизадан өтүү зарылдыгын азайтып, комиссиялардын ишин жеңилдетет.
Саламаттык сактоо министрлиги Травматология жана ортопедия улуттук борборунун курулушун көрсөттү. Маалыматка ылайык, борбор 34 миң 500 чарчы метр аянтты ээлеген көп тармактуу медициналык комплекс болот."Курамына беш блок кирип, бейтаптар жана медициналык кызматкерлер үчүн жер үстүндөгү жана жер алдындагы унаа токтотуучу жайлар каралган. Имараттын чатырында санитардык авиация менен бейтаптарды ыкчам ташуу үчүн заманбап тик учак конуучу аянтча курулат. Мамлекеттик бюджеттен курулушка 3 миллиард сом бөлүнүп, курулушка 100дөй жумушчу тартылган. Борборду келерки жылы пайдаланууга берүү пландалууда", — деп айтылат маалыматта. Оорукана 500 кишиге эсептелип, жандандыруу, операциялык бөлмөлөр, кабыл алуу, амбулатория, клиникалык-диагностикалык жана бактериологиялык лабораториялар, физиотерапия болуп, жалпысынан 11 адистештирилген бөлүмдү камтыйт.Ошондой эле спорттук жаракаттар боюнча адистештирилген бөлүм ачылып, спортчулар жогорку квалификациялуу медициналык жардам ала алышары кошумчаланды.
АКШ президенти Дональд Трамп Владимир Зеленскийдин Россияга каршы жаңы санкция салуу чакырыгына жооп берип жатып, мындай чечимдерди америкалык лидер гана кабыл ала аларын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. "Муну мен гана чечем. Азыр Россиянын аракетине баам салып турабыз", — деген өлкө башчы Ак үйдөн. Трамп украин маселесин жөнгө салуу процесси талуу мезгилине жеткенине токтолду. Кечээ Зеленский Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшүп жатып Россияга каршы "азыркыдан да катаалыраак санкцияларды" киргизүүгө чакырган. Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова Киев режиминин билдирүүсүнө комментарий берип, Россия ультиматумдук тилди эч убакта кабыл албай турганын белгиледи. Айтымында, Зеленский да, батыш европалык ультралибералдар да тынчтык орнотууга кызыкдар эмес, алар Украина армиясын күчтөндүрүп, кайрадан согушка салууга жан үрөп жатышат.
Садыр Жапаров иш сапар менен Будапештке барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.Өлкө башчыны Венгриянын министри — премьер-министрдин канцеляриясынын башчысы Гергей Гуйяш жана башка расмий адамдар тосуп алышты.Жапаров иш сапардын алкагында Түрк мамлекеттер уюмуна катышуучу өлкөлөрдүн жетекчилеринин бейформал саммитине катышат.Майыптыкты аныктоо боюнча комиссиядан өтүү мөөнөтүн узартуу сунушталды. Документти Юстиция министрлиги даярдап, коомдук талкууга чыгарды. Азыркы тартипте майыптыкты жыл сайын тастыктоо талап кылынат. Жаңы долбоор боюнча, I топ — 7 жылда бир; II топ — 4 жылда бир; III топ — 2 жылда бир узартууну сунуштап жатат Маалыматка ылайык, өлкөдөгө 217 миңден ашык мүмкүнчүлүгү чектелген жаран бар. Анын ичинен I топтогулар адатта айыкпас дарттар менен жабыркашат. Майыптык мөөнөтүн узартуу жарандардын кайра-кайра экспертизадан өтүү зарылдыгын азайтып, комиссиялардын ишин жеңилдетет.Саламаттык сактоо министрлиги Травматология жана ортопедия улуттук борборунун курулушун көрсөттү. Маалыматка ылайык, борбор 34 миң 500 чарчы метр аянтты ээлеген көп тармактуу медициналык комплекс болот."Курамына беш блок кирип, бейтаптар жана медициналык кызматкерлер үчүн жер үстүндөгү жана жер алдындагы унаа токтотуучу жайлар каралган. Имараттын чатырында санитардык авиация менен бейтаптарды ыкчам ташуу үчүн заманбап тик учак конуучу аянтча курулат. Мамлекеттик бюджеттен курулушка 3 миллиард сом бөлүнүп, курулушка 100дөй жумушчу тартылган. Борборду келерки жылы пайдаланууга берүү пландалууда", — деп айтылат маалыматта. Оорукана 500 кишиге эсептелип, жандандыруу, операциялык бөлмөлөр, кабыл алуу, амбулатория, клиникалык-диагностикалык жана бактериологиялык лабораториялар, физиотерапия болуп, жалпысынан 11 адистештирилген бөлүмдү камтыйт.Ошондой эле спорттук жаракаттар боюнча адистештирилген бөлүм ачылып, спортчулар жогорку квалификациялуу медициналык жардам ала алышары кошумчаланды.АКШ президенти Дональд Трамп Владимир Зеленскийдин Россияга каршы жаңы санкция салуу чакырыгына жооп берип жатып, мындай чечимдерди америкалык лидер гана кабыл ала аларын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. "Муну мен гана чечем. Азыр Россиянын аракетине баам салып турабыз", — деген өлкө башчы Ак үйдөн. Трамп украин маселесин жөнгө салуу процесси талуу мезгилине жеткенине токтолду. Кечээ Зеленский Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшүп жатып Россияга каршы "азыркыдан да катаалыраак санкцияларды" киргизүүгө чакырган. Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова Киев режиминин билдирүүсүнө комментарий берип, Россия ультиматумдук тилди эч убакта кабыл албай турганын белгиледи. Айтымында, Зеленский да, батыш европалык ультралибералдар да тынчтык орнотууга кызыкдар эмес, алар Украина армиясын күчтөндүрүп, кайрадан согушка салууга жан үрөп жатышат.
Sputnik Кыргызстан
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/05/15/1094120002_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_c40c080c40139aebeffe79c89359783d.jpgSputnik Кыргызстан
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио