https://sputnik.kg/20250509/1093871559.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Дүйнө лидерлери президент Садыр Жапаров менен Кыргызстан элин Улуу Жеңиш күнү менен куттуктап жатышат. Алардан келген телеграммалардын тексти мамлекет башчынын... 09.05.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-05-09T15:00+0600
2025-05-09T15:00+0600
2025-05-09T15:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/05/09/1093871427_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_2352d5984cf54ca2840a6079abf4fb4c.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Дүйнө лидерлери президент Садыр Жапаров менен Кыргызстан элин Улуу Жеңиш күнү менен куттуктап жатышат. Алардан келген телеграммалардын тексти мамлекет башчынын сайтына жарыяланууда. Куттуктоо телеграммасын алгач Россиянын лидери Владимир Путин, андан соң Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Казакстандын башчысы Касым-Жомарт Токаев, Түркмөнстандын ажосу Сердар Бердымухамедов, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Азербайжандын башчысы Илхам Алиев, Беларусь жетекчиси Александр Лукашенко, Сауд Арабиянын королу Салман бин Абдулазиз Аль Сауд жолдоду. Мындан тышкары,Түркмөнстан Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов дагы өлкө башчыга жана кыргызстандыктарга куттуктоосун жөнөткөн.
Улуу Жеңиштин келишине Борбор Азия менен Закавказьенин жашоочулары болуп көрбөгөндөй салымын кошту, алардан фронт муктаж болгон нерселер эшелондоп келип турду. Бул туурасында РФ лидери Владимир Путин Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата Кызыл аянтта өткөн парадда сүйлөп жатып баса белгиледи. "Жеңишке борбор азиялыктар менен закавказьеликтер ири салымын кошту, жардам тынымсыз эшелондоп жөнөтүлүп жатты. Бул жерлерге госпиталдар жайгашып, эвакуацияланган миңдеген адамдар өздөрүнүн экинчи үйүн тапты. Тосуп алгандар баш калкалатып, бир үзүм нанын бөлүшүп, жылуу тосуп алышты", — деди Путин.Ал нацисттердин Советтер Союзун басып алабыз деген тилеги өлкөлөрдүн биримдигинен улам таш капкандыгын, ал эми согуштун оор түйшүгүн бардык республикалар көтөргөндүгүн белгиледи. Путин белгилегендердин ичинде Ленинграддан Кыргызстанга эвакуацияланган балдарды багып алган Токтогон Алтыбасарова да бар.
*Иордания, Ливан жана Самоага ЕАЭБдин тарифтик жеңилдиктери колдонулат. Бул тууралуу ЕЭКтен билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган жеңилдиктер өнүгүп келе жаткан жана начар өнүгүп жаткан өлкөлөргө пайдаланылат. "Бул өзгөртүүлөр айрым товарларга бажы төлөмдөрү төмөндөтүлүп же такыр алынат. Экономикалык көрсөткүчтөрдүн талдоосуна ылайык, Иордания, Ливан жана Самоа өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн катарына кошулуп, ЕАЭБдин тарифтик жеңилдиктерин колдоно алышат", — деп айтылат маалыматта. Мындан тышкары, Бутан Королдугу менен Сан-Томе жана Принсипи республикалары да жеңилдиктерди колдонгондордун катарында экени белгиленип, ал эми Маршалл аралдары жана Эль-Сальвадор республикаларынан бул жеңилдиктер алып салынганы кошумчаланды.
АКШ Москва менен Киевдин эпке келүүсүнө багытталган аракеттерди уланта берет, бирок жылыш болбой жатканын байкаса сүйлөшүү процессинен чыгат. Бул тууралуу АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс айтканын РИА Новости Fox News телеканалына таянуу менен жазды. ЖМКлардын "андан кийин АКШ сүйлөшүүлөрдөн чыгабы" деген тактоочу суроосуна вице-президент "ооба" деп жооп берген. Өз кезегинде АКШ президенти Дональд Трамп Украинада ок атууну 30 күнгө чейин токтотууга чакырып жатат. Ал атышууну тез арада эле токтотууга болорун, макулдашуу шартынын аткарылышын көзөмөлдөөчү чара катары аны бузган тарапка санкция киргизилерин белгилеген.Трамп тынчтык Россия менен Украина жана аны колдоп жаткан Европанын ортосунда орнойт деп үмүт артып жатканын да кошумчалаган.
Дүйнө лидерлери президент Садыр Жапаров менен Кыргызстан элин Улуу Жеңиш күнү менен куттуктап жатышат. Алардан келген телеграммалардын тексти мамлекет башчынын сайтына жарыяланууда. Куттуктоо телеграммасын алгач Россиянын лидери Владимир Путин, андан соң Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Казакстандын башчысы Касым-Жомарт Токаев, Түркмөнстандын ажосу Сердар Бердымухамедов, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Азербайжандын башчысы Илхам Алиев, Беларусь жетекчиси Александр Лукашенко, Сауд Арабиянын королу Салман бин Абдулазиз Аль Сауд жолдоду. Мындан тышкары,Түркмөнстан Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов дагы өлкө башчыга жана кыргызстандыктарга куттуктоосун жөнөткөн. Улуу Жеңиштин келишине Борбор Азия менен Закавказьенин жашоочулары болуп көрбөгөндөй салымын кошту, алардан фронт муктаж болгон нерселер эшелондоп келип турду. Бул туурасында РФ лидери Владимир Путин Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата Кызыл аянтта өткөн парадда сүйлөп жатып баса белгиледи. "Жеңишке борбор азиялыктар менен закавказьеликтер ири салымын кошту, жардам тынымсыз эшелондоп жөнөтүлүп жатты. Бул жерлерге госпиталдар жайгашып, эвакуацияланган миңдеген адамдар өздөрүнүн экинчи үйүн тапты. Тосуп алгандар баш калкалатып, бир үзүм нанын бөлүшүп, жылуу тосуп алышты", — деди Путин.Ал нацисттердин Советтер Союзун басып алабыз деген тилеги өлкөлөрдүн биримдигинен улам таш капкандыгын, ал эми согуштун оор түйшүгүн бардык республикалар көтөргөндүгүн белгиледи. Путин белгилегендердин ичинде Ленинграддан Кыргызстанга эвакуацияланган балдарды багып алган Токтогон Алтыбасарова да бар.*Иордания, Ливан жана Самоага ЕАЭБдин тарифтик жеңилдиктери колдонулат. Бул тууралуу ЕЭКтен билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган жеңилдиктер өнүгүп келе жаткан жана начар өнүгүп жаткан өлкөлөргө пайдаланылат. "Бул өзгөртүүлөр айрым товарларга бажы төлөмдөрү төмөндөтүлүп же такыр алынат. Экономикалык көрсөткүчтөрдүн талдоосуна ылайык, Иордания, Ливан жана Самоа өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн катарына кошулуп, ЕАЭБдин тарифтик жеңилдиктерин колдоно алышат", — деп айтылат маалыматта. Мындан тышкары, Бутан Королдугу менен Сан-Томе жана Принсипи республикалары да жеңилдиктерди колдонгондордун катарында экени белгиленип, ал эми Маршалл аралдары жана Эль-Сальвадор республикаларынан бул жеңилдиктер алып салынганы кошумчаланды.АКШ Москва менен Киевдин эпке келүүсүнө багытталган аракеттерди уланта берет, бирок жылыш болбой жатканын байкаса сүйлөшүү процессинен чыгат. Бул тууралуу АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс айтканын РИА Новости Fox News телеканалына таянуу менен жазды. ЖМКлардын "андан кийин АКШ сүйлөшүүлөрдөн чыгабы" деген тактоочу суроосуна вице-президент "ооба" деп жооп берген. Өз кезегинде АКШ президенти Дональд Трамп Украинада ок атууну 30 күнгө чейин токтотууга чакырып жатат. Ал атышууну тез арада эле токтотууга болорун, макулдашуу шартынын аткарылышын көзөмөлдөөчү чара катары аны бузган тарапка санкция киргизилерин белгилеген.Трамп тынчтык Россия менен Украина жана аны колдоп жаткан Европанын ортосунда орнойт деп үмүт артып жатканын да кошумчалаган.
Sputnik Кыргызстан
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/05/09/1093871427_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_74bd7bfefd546c42f3cb1de1a231e924.jpgSputnik Кыргызстан
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио