https://sputnik.kg/20250510/1093898313.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкекте ордо оюну боюнча Кыргызстандын чемпионаты өттүКим Чен Ын Батыш Россияга чабуул жасаса Түндүк Корея жардам берерин убадаладыАйыл чарба министри... 10.05.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-05-10T17:00+0600
2025-05-10T17:00+0600
2025-05-10T17:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/05/0a/1093898181_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_f191ae78423bb7539fb272dcf4274471.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкекте ордо оюну боюнча Кыргызстандын чемпионаты өттүКим Чен Ын Батыш Россияга чабуул жасаса Түндүк Корея жардам берерин убадаладыАйыл чарба министри арыктарды тазалап, сугат сууну үнөмдөөгө чакырдыАлдыда кененирээкСуу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев арыктарды тазалап, сугат сууну үнөмдөөгө чакырды. Анын айтымында, ысыкта дыйкандар сууну үнөмдөсө гана тартыштык жаралбай, баарына жетет. “Сугатты салкында жүргүзгөн кыйла натыйжалуу. Жерди сугарып бүткөндө мурабга айтып, сууну кезекте турганга өткөрүп берүү абзел. Өсүмдүккө жетиштүү көлөмдө гана суу бериңиздер, ашыкчасы өсүмдүккө да, топуракка да зыян. Ошондой эле арыктан агып жаткан ашыкча, коромжу сууларды бекемдөө, тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу ыкмаларын колдонуу сууну үнөмдөөгө өбөлгө түзөт”, — деген Төрөбаев. Ошондой эле ал суунун тартышытыгы жаралбашы үчүн акимдерге, айыл өкмөттөргө арыктарды тазалоо тапшырылганын, кайдыгер мамиле жасагандар жоопко тартыларын эскерткен.
8-май күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде ордо оюну боюнча Кыргызстандын чемпионаты жыйынтыкталды. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, чемпионатка республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышты. Жеңүүчүлөргө Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылды. Жеңүүчүлөрдүн тизмеси: Талас облусу; Бишкек шаары; Нарын облусу.
КЭДР лидери Ким Чен Ын эгер Батыш Россияга чабуул жасаса жардам берүүгө убада берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Ал Американын тарапташтары Россияга чабуул жасоо ойлорунан баш тартпаса, Пхеньян тарабынан жооп болорун эскертти. "Корея-Россия келишимине ылайык, душмандардын чабуулун кайтаруу үчүн эч тартынбастан КЭДР куралдуу күчтөрүн колдонуу буйругун берем", — деди ал. Россиянын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Валерий Герасимов 26-апрелде президент Владимир Путинге отчет бергенде Түндүк Кореянын Курск облусунда украин аскерлерин талкалоодо көрсөткөн жардамын өзгөчө белгиледи. Путин кореялык жоокерлерге, Ким Чен Ынга жана корей элине ыраазычылык билдирген.
Пентагон аскерлерди тандоодо гендердик жана рассалык квоталардан баш тартты. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Маалыматка ылайык, эми АКШнын элиталык аскердик окуу жайларына (MSA) кабыл алуу талапкердин жетишкендиктерине жана эмгектерине жараша жүргүзүлөт. “Мындан ары кабыл алуу толугу менен жетишкендиктерге жараша болот. Расса, улут же жыныс эсепке алынбайт. Биздин офицерлер — мыктынын мыктысы болот” — деп жазды Коргоо министри Пит Хегсет Х социалдык тармагында, меморандумдун сүрөтүн да жарыялап. Документке ылайык, 2026-жылкы кабыл алуу үчүн баалоо критерийлери кайра каралып чыгып, талапкерлердин спорттогу ийгиликтери, мурдагы аскердик кызматы жана академияга даярдоочу мектептеги окуусундагы жетишкендиктери эске алынат. ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫНЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 99 сом 46 тыйынга рубль 1 сом 7 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 63 сом 90 тыйындан баштап, 65 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 72 сом 40 тыйындан 73 сом 90 тыйынга дейре, дизель майы 71 сом 80 тыйындан тарта 72 сом 30 тыйынга чейин, ал эми унаа газынын литри 37 сомдон сатылууда АБА ЫРАЙЫ11-майга караган түнү жаан жаашы күтүлөт. Тоолуу аймактарда нөшөрлөгөн катуу жамгыр болушу ыктымал. 11-май, жекшембиде республиканын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу аймактарда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +24...+29, Талас өрөөнүндө +21...+26, Ысык-Көлдө +15...+20, Нарын жергесинде +16...+21 градус жылуу болот. Борбор калаа Бишкекте жана Ош шаарында 11-майда ала-булут каптап турат, мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Күндүн табы +27...+29 градуска чейин көтөрүлөт.
Бишкекте ордо оюну боюнча Кыргызстандын чемпионаты өттүКим Чен Ын Батыш Россияга чабуул жасаса Түндүк Корея жардам берерин убадаладыАйыл чарба министри арыктарды тазалап, сугат сууну үнөмдөөгө чакырдыАлдыда кененирээкСуу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев арыктарды тазалап, сугат сууну үнөмдөөгө чакырды. Анын айтымында, ысыкта дыйкандар сууну үнөмдөсө гана тартыштык жаралбай, баарына жетет. “Сугатты салкында жүргүзгөн кыйла натыйжалуу. Жерди сугарып бүткөндө мурабга айтып, сууну кезекте турганга өткөрүп берүү абзел. Өсүмдүккө жетиштүү көлөмдө гана суу бериңиздер, ашыкчасы өсүмдүккө да, топуракка да зыян. Ошондой эле арыктан агып жаткан ашыкча, коромжу сууларды бекемдөө, тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу ыкмаларын колдонуу сууну үнөмдөөгө өбөлгө түзөт”, — деген Төрөбаев. Ошондой эле ал суунун тартышытыгы жаралбашы үчүн акимдерге, айыл өкмөттөргө арыктарды тазалоо тапшырылганын, кайдыгер мамиле жасагандар жоопко тартыларын эскерткен.8-май күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде ордо оюну боюнча Кыргызстандын чемпионаты жыйынтыкталды. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, чемпионатка республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышты. Жеңүүчүлөргө Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылды. Жеңүүчүлөрдүн тизмеси: Талас облусу; Бишкек шаары; Нарын облусу.КЭДР лидери Ким Чен Ын эгер Батыш Россияга чабуул жасаса жардам берүүгө убада берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Ал Американын тарапташтары Россияга чабуул жасоо ойлорунан баш тартпаса, Пхеньян тарабынан жооп болорун эскертти. "Корея-Россия келишимине ылайык, душмандардын чабуулун кайтаруу үчүн эч тартынбастан КЭДР куралдуу күчтөрүн колдонуу буйругун берем", — деди ал. Россиянын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Валерий Герасимов 26-апрелде президент Владимир Путинге отчет бергенде Түндүк Кореянын Курск облусунда украин аскерлерин талкалоодо көрсөткөн жардамын өзгөчө белгиледи. Путин кореялык жоокерлерге, Ким Чен Ынга жана корей элине ыраазычылык билдирген.Пентагон аскерлерди тандоодо гендердик жана рассалык квоталардан баш тартты. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Маалыматка ылайык, эми АКШнын элиталык аскердик окуу жайларына (MSA) кабыл алуу талапкердин жетишкендиктерине жана эмгектерине жараша жүргүзүлөт. “Мындан ары кабыл алуу толугу менен жетишкендиктерге жараша болот. Расса, улут же жыныс эсепке алынбайт. Биздин офицерлер — мыктынын мыктысы болот” — деп жазды Коргоо министри Пит Хегсет Х социалдык тармагында, меморандумдун сүрөтүн да жарыялап. Документке ылайык, 2026-жылкы кабыл алуу үчүн баалоо критерийлери кайра каралып чыгып, талапкерлердин спорттогу ийгиликтери, мурдагы аскердик кызматы жана академияга даярдоочу мектептеги окуусундагы жетишкендиктери эске алынат. ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫНЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 99 сом 46 тыйынга рубль 1 сом 7 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 63 сом 90 тыйындан баштап, 65 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 72 сом 40 тыйындан 73 сом 90 тыйынга дейре, дизель майы 71 сом 80 тыйындан тарта 72 сом 30 тыйынга чейин, ал эми унаа газынын литри 37 сомдон сатылууда АБА ЫРАЙЫ11-майга караган түнү жаан жаашы күтүлөт. Тоолуу аймактарда нөшөрлөгөн катуу жамгыр болушу ыктымал. 11-май, жекшембиде республиканын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу аймактарда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +24...+29, Талас өрөөнүндө +21...+26, Ысык-Көлдө +15...+20, Нарын жергесинде +16...+21 градус жылуу болот. Борбор калаа Бишкекте жана Ош шаарында 11-майда ала-булут каптап турат, мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Күндүн табы +27...+29 градуска чейин көтөрүлөт.
Sputnik Кыргызстан
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/05/0a/1093898181_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_87ba0c817298931a7f0528209dcd986a.jpgSputnik Кыргызстан
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио