00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Об экономике и не только
ОСАГО — обязательное, но игнорируемое. Почему кыргызстанцы не спешат оформлять автостраховку
20:06
45 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
2 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
6 мин
Особый акцент
После глобализации: с кем будет Центральная Азия в новом мире
14:07
55 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Медициналык ишкердикти талапка ылайык келтирүү. Лицензиясы жок уюмдар коомчулукту тынчсыздандырбайбы?
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Наука, блогерство и русский язык в фокусе внимания: кто и зачем приехал в «Сердце Евразии»
16:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
"Экономикалык басым" соода аркылуу кантип дүйнөгө таасирин тийгизүүдө?
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Медфак КРСУ: практика от врачей, конкурсы за границей и жизнь без скуки
18:07
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
"Манас" эпосундагы Сибирь өрөөнүнө караштуу жер аталыштары: Сибирь фольклорунун III форуму болуп өттү
19:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Максимальный репост
От сцены до стратегии: зачем театру нужен современный менеджер
20:06
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Медициналык ишкердикти талапка ылайык келтирүү. Лицензиясы жок уюмдар коомчулукту тынчсыздандырбайбы?
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Тажикстанга барды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.Өлкө жетекчисин Душанбе аэропортунан Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон тосуп алып, протоколдук жөрөлгөлөр жасалып, 500дөн ашуун артист катышкан чакан концерттик программа көрсөтүлдү. "Сапардын алкагында Жапаров Тажикстандын президенти, парламентинин эки палатасынын спикерлери жана өлкөнүн премьер-министри менен жолугушат. Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекет башчыларынын биргелешкен билдирүүсүн кабыл алуу, ошондой эле бир катар эки жактуу документтерге кол коюу күтүлүүдө", — деп айтылат маалыматта. Мындан тышкары, кыргыз-тажик экономикалык жана инвестициялык форуму, ошондой эле эки өлкөнүн өнөр адамдарынын катышуусундагы "Түбөлүк достук" концерти өтөрү белгиленди.
Өлкөдөгү кунарсыз жайыттар 20 жылга чейин ижарага берилет. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, ижара акысы жер салыгынын көлөмүндө белгиленип, алган адам жайыттын түшүмдүүлүгүн жогорулатууга милдеттүү болот. "Кунарсыз жайыттарды жарандар жана юридикалык жактар айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүү максатында пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Бул үчүн жаран же мекеме өзүнүн жашаган аймагындагы мамлекеттик администрацияга кайрылып, жер тилкесинин категориясын, аянтын жана техникалык-экономикалык негиздемени камтыган арыз тапшырышы керек. Документтер андан ары райондук комиссияга жөнөтүлүп, тиешелүү талдоо жүргүзүлөт. Комиссиянын оң чечими чыккан учурда жер тилке айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондуна өткөрүлүп, 20 жылдык мөөнөткө пайдаланууга берилет", — деп айтылат маалыматта. Бул механизм пайдаланылбай жаткан жерлерди кайра иштетүүгө өбөлгө түзөрү кошумчаланган.
Балыкчынын мэри Султан Кермалиев жана анын кол алдындагыларга мамкызматкердин этикасы кандай болору түшүндүрүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти. Маалыматка ылайык, агенттиктин тиешелүү бөлүмдөрү Балыкчы мэриясына пландан тышкаркы кызматтык сапар менен барган. "Кеңешменин жүрүшүндө кызматкерлер менен ачык диалог жүрүп, мамлекеттик кызматтын жүрүм-турум кодекси, кесиптик мораль, стресске туруштук берүү жана кызматкерлердин ортосундагы мамиле боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", — деп айтылат маалыматта. Буга чейин Султан Кермалиев Балыкчынын мэри болуп дайындалган соң маек куруп, анысы коомдо кызуу талкуу жараткан. Айрымдар мэрдин аша чаап, мактанып жатканын айтса, башкалар кызматтык этика болушу керектигин жазышкан. Кийин буга президент Садыр Жапаров комментарий берип, Кермалиевдин иш билги экенин айтып, анын этикасын оңдосо болорун белгилеген болчу.
АКШнын лидери Дональд Трамп Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевге алар өндүргөн товарга Вашингтон 25 пайыздык бажы алымын киргизип жаткандыгын билдирген кат жолдогон. Мындай маалыматты РИА Новости таратты. Документ 1-августтан тарта күчүнө кирмекчи. "2025-жылдын 1-августунан тарта Казакстандын Кошмо Штаттарга жөнөтүлгөн товарларынан башка тармактык салыктардан тышкары 25 пайыздык бажы төлөмүн алабыз", — деп айтылат Трамптын билдирүүсүндө.
Жаңылыктар түрмөгү
0
OSZAR »