https://sputnik.kg/20250628/1094968322.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
10 жыл ичинде Кыргызстандын ИДПсынын көлөмү 56 пайызга, ал эми ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода жүгүртүүнүн көлөмү эки эсе өстү. Бул туурасында президент Садыр... 28.06.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-06-28T13:00+0600
2025-06-28T13:00+0600
2025-06-28T14:00+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/06/1c/1094968190_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_a1e80fa8afa3be2c6e78add8b3962ae4.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
10 жыл ичинде Кыргызстандын ИДПсынын көлөмү 56 пайызга, ал эми ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода жүгүртүүнүн көлөмү эки эсе өстү. Бул туурасында президент Садыр Жапаров Минск шаарында өткөн ЕАЭБ саммитинде билдирди. Биримдик түзүлгөндөн бери андагы мүчө өлкөлөрдүн жалпы ИДПсы 18 пайызга өсүп, 2,5 триллион долларга жеткени белгиленди. Ошол эле маалда өндүрүш жаатындагы өсүш 29 пайыз, айыл чарбадагы өсүш 25 пайызды түзүп, ал эми өз ара соода эки эсеге көбөйгөн. ЕАЭБ лидерлери бул отурумда 14 маселени карап чыгышты. Бир катар документтерге, анын ичинде ЕАЭБ жөнүндө келишимге укуктук жөнгө салуудагы боштуктарды жоюу боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколго кол коюлду. Мындан тышкары, жолугушуунун жыйынтыгында Монголия, БАЭ менен соода келишимдери түзүлдү.
Такыр-Төр көлүндөгү агып жаткан суунун көлөмүндө өзгөрүү жок, ал секундасына төрт куб метрди түзүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, учурда Ысык-Ата районундагы Алмалуу жана Кебек-Бий айылдарынын ортосундагы унаа жол убактылуу жабык, атайын посттор уюштурулган. “Агып жаткан суу токтоп, коркунуч жоюлгандан кийин тазалоо иштери жүргүзүлөт”, – дешти мекемеден. Аймакта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам тобунун 5 кызматкери бар, ошондой эле 7 техника даярдыкта турат. Эске салсак, кечээ саат 17:30 чамаларында Ысык-Ата районундагы Такыр-Төр көлү жырылып кеткен. Суу ташкыны Алмалуу жана Кебек-Бий айылдарынын ортосундагы бир көпүрөнү агызган.
Минскиде Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйыны аяктап, жыйынтыгында ЕАЭБдин ишин өнүктүрүүгө багытталган бир нече документтерге кол коюлду. Анда кол коюлган документтердин негизгилери булар: "Евразиялык экономикалык комиссиясынын коллегия мүчөлөрүнүн ортосунда иш чөйрөлөрү боюнча милдеттерди бөлүштүрүү механизми жөнүндө" чечим; "ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин Транспорт тармагындагы ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин кеңеши жөнүндөгү жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" чечим; "Евразия экономикалык комиссиясынын коллегия мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө" чечим; "Евразия экономикалык комиссиясынын коллегия мүчөсүн дайындоо жөнүндө" чечим; "Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө" тескеме.
АКШ президенти Дональд Трамп Иранга тынчтык максаттагы өзөктүк программасын өнүктүрүү үчүн 30 миллиард доллар берүүнү карап жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Буга чейин CNN телеканалы маалымат булактарына таянып, Ак үй Тегеранга мындай сумманы алууга жардам берүүнү талкуулап жатканын кабарлаган. Ошондой эле Ирандын Фордодогу өзөктүк объектисин АКШнын Перс булуңундагы союздаштары төлөй турган программага алмаштыруу мүмкүнчүлүгүн карап жатканын билдирген. "Президент Трамп Иранга аскердик эмес өзөктүк объектилерди куруу үчүн 30 миллиард доллар бергиси келет" деген жалган маалыматты кайсы акмак таратты? Бул күлкүлүү идеяны эч качан уккан эмесмин", — деп жазган АКШ президенти.
10 жыл ичинде Кыргызстандын ИДПсынын көлөмү 56 пайызга, ал эми ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода жүгүртүүнүн көлөмү эки эсе өстү. Бул туурасында президент Садыр Жапаров Минск шаарында өткөн ЕАЭБ саммитинде билдирди. Биримдик түзүлгөндөн бери андагы мүчө өлкөлөрдүн жалпы ИДПсы 18 пайызга өсүп, 2,5 триллион долларга жеткени белгиленди. Ошол эле маалда өндүрүш жаатындагы өсүш 29 пайыз, айыл чарбадагы өсүш 25 пайызды түзүп, ал эми өз ара соода эки эсеге көбөйгөн. ЕАЭБ лидерлери бул отурумда 14 маселени карап чыгышты. Бир катар документтерге, анын ичинде ЕАЭБ жөнүндө келишимге укуктук жөнгө салуудагы боштуктарды жоюу боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколго кол коюлду. Мындан тышкары, жолугушуунун жыйынтыгында Монголия, БАЭ менен соода келишимдери түзүлдү.Такыр-Төр көлүндөгү агып жаткан суунун көлөмүндө өзгөрүү жок, ал секундасына төрт куб метрди түзүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, учурда Ысык-Ата районундагы Алмалуу жана Кебек-Бий айылдарынын ортосундагы унаа жол убактылуу жабык, атайын посттор уюштурулган. “Агып жаткан суу токтоп, коркунуч жоюлгандан кийин тазалоо иштери жүргүзүлөт”, – дешти мекемеден. Аймакта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам тобунун 5 кызматкери бар, ошондой эле 7 техника даярдыкта турат. Эске салсак, кечээ саат 17:30 чамаларында Ысык-Ата районундагы Такыр-Төр көлү жырылып кеткен. Суу ташкыны Алмалуу жана Кебек-Бий айылдарынын ортосундагы бир көпүрөнү агызган. Минскиде Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйыны аяктап, жыйынтыгында ЕАЭБдин ишин өнүктүрүүгө багытталган бир нече документтерге кол коюлду. Анда кол коюлган документтердин негизгилери булар: "Евразиялык экономикалык комиссиясынын коллегия мүчөлөрүнүн ортосунда иш чөйрөлөрү боюнча милдеттерди бөлүштүрүү механизми жөнүндө" чечим; "ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин Транспорт тармагындагы ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин кеңеши жөнүндөгү жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" чечим; "Евразия экономикалык комиссиясынын коллегия мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө" чечим; "Евразия экономикалык комиссиясынын коллегия мүчөсүн дайындоо жөнүндө" чечим; "Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө" тескеме. АКШ президенти Дональд Трамп Иранга тынчтык максаттагы өзөктүк программасын өнүктүрүү үчүн 30 миллиард доллар берүүнү карап жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Буга чейин CNN телеканалы маалымат булактарына таянып, Ак үй Тегеранга мындай сумманы алууга жардам берүүнү талкуулап жатканын кабарлаган. Ошондой эле Ирандын Фордодогу өзөктүк объектисин АКШнын Перс булуңундагы союздаштары төлөй турган программага алмаштыруу мүмкүнчүлүгүн карап жатканын билдирген. "Президент Трамп Иранга аскердик эмес өзөктүк объектилерди куруу үчүн 30 миллиард доллар бергиси келет" деген жалган маалыматты кайсы акмак таратты? Бул күлкүлүү идеяны эч качан уккан эмесмин", — деп жазган АКШ президенти.
Sputnik Кыргызстан
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/06/1c/1094968190_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_8cf945fa9cd90f2f36f5b1cae88887db.jpgSputnik Кыргызстан
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио