00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стимул
Милиция кызматкеринен атайын даярдык менен кошо адамгерчилик да талап кылынат - Жүрөк жылыткан иши менен коомго таанылган Жакшылык Нурланбеков менен маек
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
18:06
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Кара-Суу районунун (Ош облусу) Мады айылында кайненесин өлтүрдү, аялын бычактады деген шек менен 34 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициядан кабарлашты.Кандуу окуя 20-июнь күнү болгон. Милицияга адам өлтүрүлгөнү боюнча маалымат түшкөн. Тартип сакчылар ал жерге барганда Мады айылынын тургуну аялы менен кайненесин учтуу нерсе менен сайганы аныкталган. Кайненеси дароо каза болуп кетип, аялы ооруканага жаткырылган. Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") боюнча иш козголуп, ыкчам тергөө башталды. 34 жаштагы шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Кыргызстанда коркунучтуу пестицидди колдонууга тыюу салынганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти. Министрлик бул кадам элдин ден соолугуна кам көрүү максатында жасалып жатканын белгиледи. "Өлкөдө паракват дихлорид затынын негизиндеги пестициддерди өндүрүүгө, каттоого, ташууга, сатууга, сактоого, колдонууга жана жарнамалоого болбойт", — деп жазылган маалыматта. Паракват — ден соолука жана айлана-чөйрөгө зыянга учурата турган химикат. Анын рак ооруларын, балдардын нерв системасынын бузулушун, репродуктивдик жөндөмгө жана гормондорго зыян келтирери аныкталган.
АКШ президенти Дональд Трамп Иранга өзөктүк куралдар программасы боюнча келишим түзүү үчүн эки жума берерин айтканын РИА Новости жазды. Журналисттер Трамптан АКШ Иранга ушул мөөнөткө жетпей сокку урбайбы деген суроо узаткан. "Буюрганын көрөбүз. Бирок мен аларга ашып кетсе эки жума убакыт берип жатам", — деди Трамп. Ак үйдүн маалымат катчысы АКШ Иран менен түз жана кыйыр байланыштарды улантып жатканын белгиледи. Израиль Иранды жашыруун өзөктүк согуштук программа жүргүзүүдө деп айыптап, 13-июнга караган түнү ага каршы аскерий операция баштады. Аба соккулары Ирандын атомдук объектилерине, аскер жетекчилерине, өзөктүк курал боюнча иштеген физик окумуштууларына, аба базаларына жана ракеталарга багытталды. Иран өзөктүк программасынын согуштук максаты жок деген билдирүүсүнөн кайткан жок.
Россия Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын чыңалып бара жатканына түйшөлүү менен байкоо салып турат. Бул туурасында РФ президенти Владимир Путин ПЭЭФтин алкагында Бахрейн падышасынын уулу, падышалык гвардиянын башчысы Нассер бен Хамад бен Иса Аль Халифа менен сүйлөшүп жатканда айтканын РИА Новости жазды. "Тилекке каршы, биздин жолугушуу силердин аймакта абал курчуп турган учурда өтүп жатат. Бардыгыбыз ал жакта эмне болуп жатканына түйшөлүү менен көз салып турабыз", — деген ал. Эске салсак, 18-июнда башталган Петербург эл аралык экономикалык форуму эртең жыйынтыкталат. Иш-чарага ЕАЭБ, КМШ, БРИКС, АСЕАН, Африка, Жакынкы Чыгыш, Латын Америкасы сыяктуу 140 мамлекет менен уюмдардан 20 миңден ашуун өкүл келди. Программада 150дөй иш-чара каралган. Аларда санарип экономика, саламаттык сактоо, эл аралык мамилелер, экология, технологиялык инновациялар, фейктерге каршы күрөшүү сыяктуу темалар талкууланып жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0
OSZAR »