Кыргызстан менен Татарстан кызматташуу боюнча жол картасын кабыл алышты
Кыргызстан менен Татарстан кызматташуу боюнча жол картасын кабыл алышты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Санкт-Петербургда өтүп жаткан Эл аралык экономикалык форумдун алкагында Кыргызстан менен Татарстан 2025-2027-жылдарга кызматташуу... 20.06.2025, Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Санкт-Петербургда өтүп жаткан Эл аралык экономикалык форумдун алкагында Кыргызстан менен Татарстан 2025-2027-жылдарга кызматташуу боюнча жол картасын кабыл алышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Документке Кыргызстандын өкмөтүнүн делегациясын жетектеп барган минкаб төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев менен Татарстан раиси Рустам Минниханов кол коюшкан. Амангелдиев Кыргызстан инвестиция тартуу, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, анын ичинде өнөр жай кооперациясын түзүүгө багытталган долбоорлор боюнча кызматташтыкты чыңдоого кызыкдар экенин билдирген. Ал эми Минниханов жакынкы аралыкта Кыргызстанга жана Татарстанга өз ара бизнес-миссияларды уюштурууну, санариптик жана финансылык кооперацияны ишке ашырууда биргелешкен долбоорлорду сунуштаган. Белгилей кетсек, 18-июнда башталган Петербург эл аралык экономикалык форуму эртең жыйынтыкталат. Иш-чарага ЕАЭБ, КМШ, БРИКС, АСЕАН, Африка, Жакынкы Чыгыш, Латын Америкасы сыяктуу 140 мамлекет менен уюмдардан 20 миңден ашуун өкүл келди. Программада 150дөй иш-чара каралган. Аларда санарип экономика, саламаттык сактоо, эл аралык мамилелер, экология, технологиялык инновациялар, фейктерге каршы күрөшүү сыяктуу темалар талкууланып жатат. ПЭЭФ — глобалдуу чакырыктар менен кызматташуу маселесин талкуулай турган ири эл аралык аянтча. Былтыр 6,4 триллион рублдик келишимге кол коюлса, быйыл бул сумма 7,5 триллионго чамалап барат деп болжолдонууда.
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Санкт-Петербургда өтүп жаткан Эл аралык экономикалык форумдун алкагында Кыргызстан менен Татарстан 2025-2027-жылдарга кызматташуу боюнча жол картасын кабыл алышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.
Документке Кыргызстандын өкмөтүнүн делегациясын жетектеп барган минкаб төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев менен Татарстан раиси Рустам Минниханов кол коюшкан.
Амангелдиев Кыргызстан инвестиция тартуу, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, анын ичинде өнөр жай кооперациясын түзүүгө багытталган долбоорлор боюнча кызматташтыкты чыңдоого кызыкдар экенин билдирген.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев менен Татарстандын раиси Рустам Миннихановдун жолугушуусу
Ал эми Минниханов жакынкы аралыкта Кыргызстанга жана Татарстанга өз ара бизнес-миссияларды уюштурууну, санариптик жана финансылык кооперацияны ишке ашырууда биргелешкен долбоорлорду сунуштаган.
Белгилей кетсек, 18-июнда башталган Петербург эл аралык экономикалык форуму эртең жыйынтыкталат. Иш-чарага ЕАЭБ, КМШ, БРИКС, АСЕАН, Африка, Жакынкы Чыгыш, Латын Америкасы сыяктуу 140 мамлекет менен уюмдардан 20 миңден ашуун өкүл келди. Программада 150дөй иш-чара каралган. Аларда санарип экономика, саламаттык сактоо, эл аралык мамилелер, экология, технологиялык инновациялар, фейктерге каршы күрөшүү сыяктуу темалар талкууланып жатат.
ПЭЭФ — глобалдуу чакырыктар менен кызматташуу маселесин талкуулай турган ири эл аралык аянтча. Былтыр 6,4 триллион рублдик келишимге кол коюлса, быйыл бул сумма 7,5 триллионго чамалап барат деп болжолдонууда.