https://sputnik.kg/20250605/1094428191.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев иш сапары менен Тажикстанга барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Минкаб башчысынын учагы... 05.06.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-06-05T11:00+0600
2025-06-05T11:00+0600
2025-06-05T11:20+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/06/05/1094428059_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_317eb0b84ac5ddef57e7f22347e78220.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев иш сапары менен Тажикстанга барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Минкаб башчысынын учагы Душанбе эл аралык аэропортуна конуп, аны Тажикстандын вице-премьери Усмонали Усмонзода жана башка расмий адамдар тосуп алышты. Эскерте кетсек, Адылбек Касымалиев сапардын алкагында КМШ өкмөттөрүнүн кеңешинин жыйынына катышат. Ошондой эле эки тараптуу жолугушуулар жүргүзүлөт жана бир катар документтерге кол коюлат.
Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу ички иштер министрин жана шаар мэрин скутерлер менен мопеддердин башаламан колдонулушун көзөмөлгө алууга чакырды. Ал шаар тургундарынан, өзгөчө айдоочулардан техниканын бул түрүнө байланыштуу көптөгөн даттануулар түшүп жатканын белгиледи. Төраганын айтымында, скутерлер жана мопеддер жолдордо авариялык кырдаалдарды жаратып, башка унааларга тоскоолдук кылууда. Алар катуу ылдамдыкта айдалгандыктан түнкү убакта шаардыктардын тынчын бузуп, ал тургай адам өлүмүнө алып келген окуялар катталып келет. "Скутер жана мопеддерди көбүнчө жаш балдар айдап жүрөт. Аларга айдоочулук күбөлүк берилбейт, жолдогу кыймыл-аракеттери көзөмөл камераларына да түшпөйт. Башка өлкөлөрдө мындай техникаларга катуу талаптар коюлган. Ошондуктан бизде да бул маселе тез арада иретке келтирилиши зарыл", — деди Тургунбек уулу. Төрага маселени чечүү үчүн тиешелүү чараларды көрүүнү жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууну талап кылды.
Маркумду мазактады делген блогер Айбек Уланов кармалып, иш козголду. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти. Маалыматка ылайык, 31 жаштагы блогерге карата "Рассалык, этникалык, улуттук, диний же аймактык кастыкты козутуу" беренеси менен иш козголгон. "Соцтармактын активдүү колдонуучусу Айбек Уланов Өзгөндөгү бүтүрүүчүлөр жолугушуусунан кийин Кара-Кулжада жолдошунун колунан каза болгон аялдын окуясы боюнча жалган маалымат таратып, маркумдун ар-намысына шек келтирип, коомчулукту кыжырданткан. Ал кармалып кечирим сураган. Бирок шектүү кийин баракчасы аркылуу коомдун терс реакциясын жараткан маалыматтарды таратууну уланткан", — деп айтылат билдирүүдө.Дайындалган экспертизалардын жыйынтыгы менен ага кылмыш иши козголуп, камакка алынды. Ал эми медициналык экспертиза анын баңгизат колдонгонун аныктаганы кошумчаланды.
Россия президенти Владимир Путин өкмөт мүчөлөрүнүн катышуусундагы жыйында Украина менен сүйлөшүүлөрдө делегацияны жетектеген Владимир Мединскийден Стамбулдагы соңку жолугушуунун жыйынтыгын сурады. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Мединский сүйлөшүүлөр үч саатка созулганын, адегенде тет-а-тет форматында, андан кийин делегациянын бардык курамынын катышуусунда болгонун билдирди. Жолугушууда тараптар орус тилинде сүйлөшүшкөн. Мединский белгилегендей, Россия тарап элдешүүгө эмес, туруктуу тынчтыкты орнотууну талкуулоого көңүл бурган. Буга Киев жооп кылып Украина тарап Россия сунуштаган меморандумду окуп чыгарын убадалаган.Ошондой эле тараптар туткундагы аскерлерди алмашуу боюнча сүйлөшүшкөнүн айткан.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев иш сапары менен Тажикстанга барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Минкаб башчысынын учагы Душанбе эл аралык аэропортуна конуп, аны Тажикстандын вице-премьери Усмонали Усмонзода жана башка расмий адамдар тосуп алышты. Эскерте кетсек, Адылбек Касымалиев сапардын алкагында КМШ өкмөттөрүнүн кеңешинин жыйынына катышат. Ошондой эле эки тараптуу жолугушуулар жүргүзүлөт жана бир катар документтерге кол коюлат. Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу ички иштер министрин жана шаар мэрин скутерлер менен мопеддердин башаламан колдонулушун көзөмөлгө алууга чакырды. Ал шаар тургундарынан, өзгөчө айдоочулардан техниканын бул түрүнө байланыштуу көптөгөн даттануулар түшүп жатканын белгиледи. Төраганын айтымында, скутерлер жана мопеддер жолдордо авариялык кырдаалдарды жаратып, башка унааларга тоскоолдук кылууда. Алар катуу ылдамдыкта айдалгандыктан түнкү убакта шаардыктардын тынчын бузуп, ал тургай адам өлүмүнө алып келген окуялар катталып келет. "Скутер жана мопеддерди көбүнчө жаш балдар айдап жүрөт. Аларга айдоочулук күбөлүк берилбейт, жолдогу кыймыл-аракеттери көзөмөл камераларына да түшпөйт. Башка өлкөлөрдө мындай техникаларга катуу талаптар коюлган. Ошондуктан бизде да бул маселе тез арада иретке келтирилиши зарыл", — деди Тургунбек уулу. Төрага маселени чечүү үчүн тиешелүү чараларды көрүүнү жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууну талап кылды.Маркумду мазактады делген блогер Айбек Уланов кармалып, иш козголду. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти. Маалыматка ылайык, 31 жаштагы блогерге карата "Рассалык, этникалык, улуттук, диний же аймактык кастыкты козутуу" беренеси менен иш козголгон. "Соцтармактын активдүү колдонуучусу Айбек Уланов Өзгөндөгү бүтүрүүчүлөр жолугушуусунан кийин Кара-Кулжада жолдошунун колунан каза болгон аялдын окуясы боюнча жалган маалымат таратып, маркумдун ар-намысына шек келтирип, коомчулукту кыжырданткан. Ал кармалып кечирим сураган. Бирок шектүү кийин баракчасы аркылуу коомдун терс реакциясын жараткан маалыматтарды таратууну уланткан", — деп айтылат билдирүүдө.Дайындалган экспертизалардын жыйынтыгы менен ага кылмыш иши козголуп, камакка алынды. Ал эми медициналык экспертиза анын баңгизат колдонгонун аныктаганы кошумчаланды.Россия президенти Владимир Путин өкмөт мүчөлөрүнүн катышуусундагы жыйында Украина менен сүйлөшүүлөрдө делегацияны жетектеген Владимир Мединскийден Стамбулдагы соңку жолугушуунун жыйынтыгын сурады. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Мединский сүйлөшүүлөр үч саатка созулганын, адегенде тет-а-тет форматында, андан кийин делегациянын бардык курамынын катышуусунда болгонун билдирди. Жолугушууда тараптар орус тилинде сүйлөшүшкөн. Мединский белгилегендей, Россия тарап элдешүүгө эмес, туруктуу тынчтыкты орнотууну талкуулоого көңүл бурган. Буга Киев жооп кылып Украина тарап Россия сунуштаган меморандумду окуп чыгарын убадалаган.Ошондой эле тараптар туткундагы аскерлерди алмашуу боюнча сүйлөшүшкөнүн айткан.
Sputnik Кыргызстан
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/06/05/1094428059_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_904738583a28bdbcf8cf1b793fc0dc95.jpgSputnik Кыргызстан
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио