https://sputnik.kg/20250602/1094361569.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Кыз-келиндерди мыйзамсыз окутуп жаткан медресеге 20 миң сом айып салындыАрмян, абхаз номерлүү унааларды мыйзамсыз каттаган кылмыштуу топ аныкталдыБактыбек... 02.06.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-06-02T15:00+0600
2025-06-02T15:00+0600
2025-06-02T15:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/06/02/1094361437_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_2aaa6653a1b6601d79449cb9819ed5fd.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Кыз-келиндерди мыйзамсыз окутуп жаткан медресеге 20 миң сом айып салындыАрмян, абхаз номерлүү унааларды мыйзамсыз каттаган кылмыштуу топ аныкталдыБактыбек Бекболотов Москвада коопсуздук маселелери боюнча жогорку өкүлдөрдүн жыйынына катыштыАлдыда кененирээкКыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Бактыбек Бекболотов Москва шаарында өткөн коопсуздук маселелерин тескеген жогорку өкүлдөрдүн XIII жыйынына катышты. 27-29-май күндөрү өткөн иш-чарага чет мамлекеттерден жана эл аралык уюмдардан 126 делегация катышты. Пленардык жыйындын күн тартибинде Глобалдык Түштүк жана Чыгыш мамлекеттери үчүн азыркы чакырыктардын жана учурда бар мүмкүнчүлүктөрдүн контекстинде бирдей жана бөлүнгүс коопсуздук архитектурасын түзүү маселелери талкууланды.
Армения жана Абхазиядан алып келинген унааларды мыйзамсыз каттагандар кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты. Шектүүлөр документтери жок автоунааларды үчүнчү жактарга сатуу максатында кылмыштуу схеманы уюштурушкан. "А.Ш.Т. (февралга чейин "Унаа" мекемесинде иштеген) жана О.у.Т. айдоочулардан акча алып, "Унаанын" аймактык жетекчилерине пара берип, машиналарды мыйзамсыз каттатып жүргөн", — деп айтылат маалыматта. Шектүүлөр 30-майда 8800 доллар пара берип жаткан жеринен колго түшүрүлүп, камакка алынды. Эске салсак, чет өлкөлөрдөн ташылып келген жана каттоодо турган автотранспорт каражаттарын мыйзамдаштыруу өнөктүгү жүрүүдө. Аларга 10-региондун номери берилип, үчүнчү жактарга сатууга тыюу салынган.
Бишкекте документтери жок 170 кыз-келинди окутуп жаткан медресе аныкталды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти. Маалыматка ылайык, 28-30-май күндөрү шаар аймагында "Экстремист" аталышындагы рейд жүргөн. Анын алкагында мурда козголгон кылмыш ишине катышы бар "Йакын-Инкар" уюмунун мүчөлөрүнө түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. "Мындан тышкары, тиешелүү уруксат документтери жок 170ке жакын кыздар жана аялдар билим алып жаткан медресе аныкталды. Милиция кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, медресеге 20 миң сом айып салынды", — деп айтылат маалыматта. Ошондой эле аталган окуу жай зарыл документтерди алганга чейин иши токтотулганы кошумчаланды.
Владимир Зеленский Россиянын аэродромдоруна теракт уюштуруп, Украинадагы жаңжалдын токтошун каалабай турганын көрсөттү. Мындай пикирин Франциянын "Патриоттор" партиясынын лидери Флориан Филиппо социалдык тармактан билдиргенин РИА Новости жазды. "Зеленский тынчтыкты көздөй бир да кадам жасабай турганын жаңы эле дагы бир жолу далилдеди", — деп жазган ал. Филиппонун түкшүмөлүндө чабуул Киевдин европалык өнөктөштөрүнүн колдоосу менен алдын ала пландалган. Анткени алар да согуштун улануусуна кызыкдар. Маектештин айтуусунда, эгер кагылышуу токтосо Зеленский бийлигинен ажырайт, ал эми Европанын саясий элитасы пайдадан кур калат.Зеленский Россиянын аэродромдоруна кол салып, АКШ президенти Дональд Трампты сөзгө калтырып жана дүйнөлүк коопсуздукту олку-солку кылганын өлкө башчынын экс-кеңешчиси, генерал Майкл Флинн социалдык тармакка жазды. "Эгерде чын эле биздин президент бул аракеттен кабарсыз калса, анда ал жөн гана протоколдун бузулушу эмес. Бул — геосаясий деңгээлдеги шылдың жана кагылган коңгуроо", — деп жазды Флинн.
Кыз-келиндерди мыйзамсыз окутуп жаткан медресеге 20 миң сом айып салындыАрмян, абхаз номерлүү унааларды мыйзамсыз каттаган кылмыштуу топ аныкталдыБактыбек Бекболотов Москвада коопсуздук маселелери боюнча жогорку өкүлдөрдүн жыйынына катыштыАлдыда кененирээкКыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Бактыбек Бекболотов Москва шаарында өткөн коопсуздук маселелерин тескеген жогорку өкүлдөрдүн XIII жыйынына катышты. 27-29-май күндөрү өткөн иш-чарага чет мамлекеттерден жана эл аралык уюмдардан 126 делегация катышты. Пленардык жыйындын күн тартибинде Глобалдык Түштүк жана Чыгыш мамлекеттери үчүн азыркы чакырыктардын жана учурда бар мүмкүнчүлүктөрдүн контекстинде бирдей жана бөлүнгүс коопсуздук архитектурасын түзүү маселелери талкууланды.Армения жана Абхазиядан алып келинген унааларды мыйзамсыз каттагандар кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты. Шектүүлөр документтери жок автоунааларды үчүнчү жактарга сатуу максатында кылмыштуу схеманы уюштурушкан. "А.Ш.Т. (февралга чейин "Унаа" мекемесинде иштеген) жана О.у.Т. айдоочулардан акча алып, "Унаанын" аймактык жетекчилерине пара берип, машиналарды мыйзамсыз каттатып жүргөн", — деп айтылат маалыматта. Шектүүлөр 30-майда 8800 доллар пара берип жаткан жеринен колго түшүрүлүп, камакка алынды. Эске салсак, чет өлкөлөрдөн ташылып келген жана каттоодо турган автотранспорт каражаттарын мыйзамдаштыруу өнөктүгү жүрүүдө. Аларга 10-региондун номери берилип, үчүнчү жактарга сатууга тыюу салынган.Бишкекте документтери жок 170 кыз-келинди окутуп жаткан медресе аныкталды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти. Маалыматка ылайык, 28-30-май күндөрү шаар аймагында "Экстремист" аталышындагы рейд жүргөн. Анын алкагында мурда козголгон кылмыш ишине катышы бар "Йакын-Инкар" уюмунун мүчөлөрүнө түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. "Мындан тышкары, тиешелүү уруксат документтери жок 170ке жакын кыздар жана аялдар билим алып жаткан медресе аныкталды. Милиция кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, медресеге 20 миң сом айып салынды", — деп айтылат маалыматта. Ошондой эле аталган окуу жай зарыл документтерди алганга чейин иши токтотулганы кошумчаланды.Владимир Зеленский Россиянын аэродромдоруна теракт уюштуруп, Украинадагы жаңжалдын токтошун каалабай турганын көрсөттү. Мындай пикирин Франциянын "Патриоттор" партиясынын лидери Флориан Филиппо социалдык тармактан билдиргенин РИА Новости жазды. "Зеленский тынчтыкты көздөй бир да кадам жасабай турганын жаңы эле дагы бир жолу далилдеди", — деп жазган ал. Филиппонун түкшүмөлүндө чабуул Киевдин европалык өнөктөштөрүнүн колдоосу менен алдын ала пландалган. Анткени алар да согуштун улануусуна кызыкдар. Маектештин айтуусунда, эгер кагылышуу токтосо Зеленский бийлигинен ажырайт, ал эми Европанын саясий элитасы пайдадан кур калат.Зеленский Россиянын аэродромдоруна кол салып, АКШ президенти Дональд Трампты сөзгө калтырып жана дүйнөлүк коопсуздукту олку-солку кылганын өлкө башчынын экс-кеңешчиси, генерал Майкл Флинн социалдык тармакка жазды. "Эгерде чын эле биздин президент бул аракеттен кабарсыз калса, анда ал жөн гана протоколдун бузулушу эмес. Бул — геосаясий деңгээлдеги шылдың жана кагылган коңгуроо", — деп жазды Флинн.
Sputnik Кыргызстан
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/06/02/1094361437_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_8e3e3d97863467c461c26493da0c9baa.jpgSputnik Кыргызстан
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио