00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
5 мин
18:58
2 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Улуттук тамактар, оюндар жана мастер-класстар. Бишкекте агрожарманке өтөтАфганстан Кыргызстандын колдоосуна ыраазылык билдиретБишкекте Садыр Жапаровдун катышуусунда “Мурас” достук футбол турнири башталдыАлдыда кененирээкАфганстан Кыргызстандын колдоосуна ыраазылык билдирет жана соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө кызыкдар Муну Астанадагы эл аралык форумда Афганстандын өнөр жай, соода министри Нуриддин Азизи айткан. Форумдун алкагында КР өкмөт башчысынын орун басары Данияр Амангелдиев аны менен жолуккан. Амангелдиев кыргыз тарап өз ара мамилелерди чыңдоого маани берерин жана бул өлкөдөгү туруктуулукту аймактык коопсуздуктун эң маанилүү фактору катары карай турганын белгилеген. Тараптар соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулаган.
Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда футбол боюнча салтка айланган “Мурас” достук турнири башталды. Мелдеш 2 күнгө созулуп, ага 16 команда команда катышат: "Президенттик команда", "Жогорку Кеңеш", "Көзөмөл", "Аймактар", "Ден соолук", "Коопсуздук", "Фемида", "Спорт оюндары", "Журналисттер", "Өнөр", "Билим", "Достук", "Динамо", "Ыйман", "Банктар жана бизнес" жана "Элчилер". Турнир борбор калаадагы "Газпром" дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде жана КФС Улуттук футбол академиясынын спорт комплексинде өтөт. Турнирдин оюндары УТРК Спорт жана ЭлТР телеканалдары, ошондой эле социалдык тармактардагы баракчалар аркылуу түз көрсөтүлүп жатат.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев манасчы Саякбай Каралаевдин 130 жылдыгына арналган VIII Бүткүл дүйнөлүк “Дүйнө элдеринин эпостору” фестивалына катышты. Иш-чара ушул жылдын 27-майынан бери Бишкекте өтүп жатат. Фестивалдын катышуучуларына Т.Усубалиев атындагы аянтта театралдаштырылган гала-программа тартууланды. Минкаб төрагасы өз сөзүндө иш-чаранын уникалдуулугун белгиледи.“Үч күндөн бери дүйнөдө көлөмү жагынан теңдеши жок “Манас” эпосун жараткан кыргыз жергесинде манас айтылып, акындар ыр төгүп – эң сонун сөз майрамы болуп жатат. Дүйнө эпостору үч күн даңазаланды. Быйылкы фестиваль президенттин колдоосу менен залкар манасчы, ХХ кылымдын Гомери Саякбай Каралаевдин 130 жылдыгына арналып жатат. Кыргызстанга 30дан ашык өлкөдөн коноктор келди. Кыргызстанга кош келдиңиздер!” – деди ал.Касымалиевдин белилешинче эпосторду санариптештирүү, жаңыча интерпретациялоо жана дүйнөлүк тилдерге которуу, илимий изилдөө иштери үчүн өкмөт тараптан колдоолор улантылат.
Бишкекте 1-6-июнь күндөрү “Улуттук баалуулуктар айыл чарбадан башталат” аттуу көргөзмө-жарманке өтөт. Айыл чарба министрлигинен кабарлашкандай, көргөзмөнүн максаты - айыл чарба тармагы менен өлкөнүн маданий мурастарынын ажырагыс байланышын көрсөтүү, ошондой эле ата мекендик өндүрүшчүлөр менен кол өнөрчүлөрдү колдоо. Көргөзмөнүн конокторуна төмөнкүлөр тартууланат: Улуттук тамактар ​​жана суусундуктар; Элдик кол өнөрчүлөрдүн кийимдери жана буюмдары; Булгаарыдан жана жыгачтан жасалган музыкалык аспаптар, тиричилик буюмдары; Ата мекендик кайра иштетүү ишканаларынын продукциялары; Мындан тышкары, көргөзмө төмөнкүлөрдү камтыйт: Мастер класстар жана презентациялар; Улуттук баалуулуктар жана айыл чарба тармагындагы иш-чаралар боюнча маалымат сессиялары; Айыл чарбасы жана агробизнес маселелери боюнча консультациялар; Уюштуруучулар жаш коноктор үчүн анимациялык программа, кызыктуу оюндарды жана балмуздак даярдашты.
Жаңылыктар түрмөгү
0
OSZAR »