00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Жер мунапысына арыздарды кабыл алуу 1-июлда аяктайт. Тиешелүү токтом "Эркин-Тоо" гезитине жарыяланды. Ага ылайык, мурда трансформацияланган, бирок каттала элек жер тилкени жергиликтүү бийлик коомдук угуу өткөрбөй эле "калктуу конуштар" категориясына өткөрө алат. Бул норма дача же багбанчылык үчүн берилген жерлерге тиешеси жок. Мындан сырткары, жаңы жобого ылайык: "калктуу конуштардын жерлеринде" жайгашкан участоктордун аянты иш жүзүндөгү чекке жараша аныкталат; "айыл чарба багытындагы жерлерде" болсо, турак үй куруу үчүн участок аянты жергиликтүү чектөө жоболоруна жана расмий схемаларга ылайык болот. Буга чейин минкаб башчысы мыйзамдаштыруу иштерин жыл соңуна чейин бүткөрүү зарылдыгын белгилеген. Өлкөдө 2022-жылдан бери "жер мунапысы" аталган өнөктүк жүрүп келе жатат. Анын алкагында өлкөдө тополоң учурларда айыл чарба жерлерине куруп алган үйлөр калктуу конуш катары мыйзамдаштырылууда. 2024-жылы жер амнистиясынын алкагында өлкө боюнча 140 миңден ашуун арыз түшкөнү, алардын 50 пайызы канааттандырылганы маалым болгон.
Курулуш министри Нурдан Орунтаев Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы оңдолуп жаткан "Алтын кум" пляжын көрсөттү. Ал соцтармактагы баракчасына пляждын жаңыланган видеосун жүктөгөн."Оокатка аяр мамиле жасайлы, келген коноктор үчүн көрүнүктүү жерге айланталы", — деген Орунтаев.Эске салсак, бул пляжды оңдоо иштери былтыр ноябрда башталып, реконструкцияга 35 миллион сом сарпталары айтылган эле.
ИИМ юридикалык жактардын унааларынын техникалык кароосун мамлекеттик ишканага берүүнү сунуштоодо. Токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Анда жеке диагностикалык борборлор киреше табууга басым жасап, коопсуздук, экологиялык талаптарга жетиштүү көңүл бурбасы айтылган. Мындан улам ал функцияны Техникалык багыттагы борборго (ТББ) этап-этабы менен өткөрүү максатталууда. Өткөрүү графиги: 1-июндан — мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын унаалары; 1-августтан — жүргүнчү, жүк жана кооптуу жүк ташуучу унаалар1-октябрдан — атайын жана адистештирилген унаалар. Былтыр транспорт каражаттарын милдеттүү техникалык кароодон өткөрүү өнөктүгүн кайтаруу сунушталган.Ал тургай аны киргизүүнүн жол картасы иштелип чыккан. Бирок кийин президент Садыр Жапаров буга каршы чыгып, коррупциялык тобокелдиктерге жол ачылышы ыктымал экенин айткан.
Россиянын НАТОнун Чыгышты көздөй кеңейишине тынчсыздануусу — мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бул тууралуу АКШ президентинин атайын өкүлү Кит Келлог ABC телеканалына маек куруп жатып айтты. " Биз Украинанын НАТОго кириши боюнча маселе күн тартибинде эмес экенин бир нече ирет айтканбыз, ушундай эле пикирди карманган мамлекеттер көп.", — деди өкүл. Эскерте кетсек, Россия батыш чек арасында акыркы жылдары НАТОнун активдешип жатканын айтып келет. Уюм чегин кеңейтип, мунусун агрессияны ооздуктоо деп атаган. Москва буга тынчсыздануусун көп ирет билдирген эле. РФ ТИМи НАТО менен диалогго ачык экенин, бирок сүйлөшүү тең укукта жүргүзүлүшү керектигин белгилеп, Батыш регионду аскерлештирүү оюнан кайтышы зарылдыгын белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0
OSZAR »