https://sputnik.kg/20250515/1093987151.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан менен Евразиялык экономикалык биримдиктин ортосундагы сооданын көлөмү өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитеттин маалыматында айтылган... 15.05.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-05-15T15:00+0600
2025-05-15T15:00+0600
2025-05-15T15:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/05/0f/1093987019_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_086188175328e3fc8ed6e019e6b6a75b.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан менен Евразиялык экономикалык биримдиктин ортосундагы сооданын көлөмү өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитеттин маалыматында айтылган. Билдирмеге караганда Кыргызстан менен Евразиялык экономикалык биримдиктин ортосундагы сооданын көлөмү 7,8 пайызга өстү. Ошондой эле маалыматта январь-март айларына карата Кыргызстан менен Евразиялык экономикалык биримдиктеги мамлекеттердин ортосундагы сооданын көлөмү 1 миллиард 122 миллион долларга жеткени айтылат. Өз ара сооданын эң көп үлүшү, тагырак айтканда 68,6 пайызы Россияга туура келет. Ал эми Казакстан менен бул көрсөткүч 29,2 пайызды түзөт.
Кыргызстанга 3-майдан тарта чет өлкөдө катталган унаалар киргизилбей жатат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен эскертишти. Маалыматка ылайык, башка өлкөдө каттоодон чыгарылып, Кыргызстан ичинде каттоого коюла турган көлүктөр үчүн чектөө жок. Мындай чара автолордун мыйзамсыз алып келинишине бөгөт коюу үчүн кабыл алынганы кошумчаланды. Эске салсак, чет өлкөдө катталган жана идентификациялык номери жок автоунааларды Кыргызстанга киргизүүгө тыюу салган токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 17-апрелде кол койгон.
УКМК өзүн Таймурас Ташиевмин деп тааныштырган алдамчыны кармады. Бул туурасында аталган комитеттин маалымат кызматынан билдиришти.Компаниянын жетекчилигине WhatsАpp тиркемеси аркылуу чыккан адам, бетон үчүн химиялык реагенттерди берүү боюнча келишим түзүүгө көндүргөн. Компанияны ишендириш үчүн аватарына Таймурас Ташиевдин сүрөтүн коюп, телефондон үнүн жасап сүйлөшкөн. Андан соң өкүлүн компаниянын кеңсесине жөнөткөн. Ал өкүл өзү болуп чыкканы айтылды. Компания кеңсесине барганда алардан келишим түзүүнү талап кылган. "Келишимдин жыйынтыгында ал ишканага 495 миң сомго 8 тонна химиялык зат жөнөткөн. Андан тышкары, аванс катары 80 миң доллардан ашык Lexus RX350 жана Hyundai Avante үлгүсүндөгү автоунааларын алган", — деп айтылат маалыматта.
Россияга каршы салына турган санкциялардын жаңы пакетинен АКШ тараптан колдоо болбосо натыйжа чыкпайт. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазып чыкканын РИА Новости кабарлады. "Европалык лидерлер убадалап жаткан масштабдуу санкциялар ири саясий тоскоолдуктарга туш болуп, АКШнын колдоосу жок Россияны зыянга учуратуу планы ишке ашпайт", — деп айтылат макалада. Мындан тышкары, Евробиримдикте барган сайын чектөөлөр боюнча ача пикир көбүрөөк болуп жатканы белгиленген. "Айрымдар Россия нефтисине болгон баанын чегин 60 долларга түшүрүү демилгесин жандантууну сунушташты. Бирок бул үчүн Вашингтондун колдоосу талап кылынат, убадаларга карабай акыркы эки жылда эч кандай өзгөрүү болгон жок. Лидерлер кандайдыр бир чара көрбөсө мындай сөздөрү менен Евробиримдикке болгон ишенимди кыйратышат", — дешкен агенттиктин маектештери. Эскерте кетсек, шейшемби күнү Европа дипломатиясынын башчысы Кая Каллас ЕБ санкциялардын 17инчи пакети боюнча иштеп жатканын кабарлаган. Ал эми Россия санкциялык кысымга туруштук бере аларын айтып келет. Чектөө чаралары натыйжа бербей жатканы Батыштын өзүндө да айтылууда.
Кыргызстан менен Евразиялык экономикалык биримдиктин ортосундагы сооданын көлөмү өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитеттин маалыматында айтылган. Билдирмеге караганда Кыргызстан менен Евразиялык экономикалык биримдиктин ортосундагы сооданын көлөмү 7,8 пайызга өстү. Ошондой эле маалыматта январь-март айларына карата Кыргызстан менен Евразиялык экономикалык биримдиктеги мамлекеттердин ортосундагы сооданын көлөмү 1 миллиард 122 миллион долларга жеткени айтылат. Өз ара сооданын эң көп үлүшү, тагырак айтканда 68,6 пайызы Россияга туура келет. Ал эми Казакстан менен бул көрсөткүч 29,2 пайызды түзөт.Кыргызстанга 3-майдан тарта чет өлкөдө катталган унаалар киргизилбей жатат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен эскертишти. Маалыматка ылайык, башка өлкөдө каттоодон чыгарылып, Кыргызстан ичинде каттоого коюла турган көлүктөр үчүн чектөө жок. Мындай чара автолордун мыйзамсыз алып келинишине бөгөт коюу үчүн кабыл алынганы кошумчаланды. Эске салсак, чет өлкөдө катталган жана идентификациялык номери жок автоунааларды Кыргызстанга киргизүүгө тыюу салган токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 17-апрелде кол койгон.УКМК өзүн Таймурас Ташиевмин деп тааныштырган алдамчыны кармады. Бул туурасында аталган комитеттин маалымат кызматынан билдиришти.Компаниянын жетекчилигине WhatsАpp тиркемеси аркылуу чыккан адам, бетон үчүн химиялык реагенттерди берүү боюнча келишим түзүүгө көндүргөн. Компанияны ишендириш үчүн аватарына Таймурас Ташиевдин сүрөтүн коюп, телефондон үнүн жасап сүйлөшкөн. Андан соң өкүлүн компаниянын кеңсесине жөнөткөн. Ал өкүл өзү болуп чыкканы айтылды. Компания кеңсесине барганда алардан келишим түзүүнү талап кылган. "Келишимдин жыйынтыгында ал ишканага 495 миң сомго 8 тонна химиялык зат жөнөткөн. Андан тышкары, аванс катары 80 миң доллардан ашык Lexus RX350 жана Hyundai Avante үлгүсүндөгү автоунааларын алган", — деп айтылат маалыматта.Россияга каршы салына турган санкциялардын жаңы пакетинен АКШ тараптан колдоо болбосо натыйжа чыкпайт. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазып чыкканын РИА Новости кабарлады. "Европалык лидерлер убадалап жаткан масштабдуу санкциялар ири саясий тоскоолдуктарга туш болуп, АКШнын колдоосу жок Россияны зыянга учуратуу планы ишке ашпайт", — деп айтылат макалада. Мындан тышкары, Евробиримдикте барган сайын чектөөлөр боюнча ача пикир көбүрөөк болуп жатканы белгиленген. "Айрымдар Россия нефтисине болгон баанын чегин 60 долларга түшүрүү демилгесин жандантууну сунушташты. Бирок бул үчүн Вашингтондун колдоосу талап кылынат, убадаларга карабай акыркы эки жылда эч кандай өзгөрүү болгон жок. Лидерлер кандайдыр бир чара көрбөсө мындай сөздөрү менен Евробиримдикке болгон ишенимди кыйратышат", — дешкен агенттиктин маектештери. Эскерте кетсек, шейшемби күнү Европа дипломатиясынын башчысы Кая Каллас ЕБ санкциялардын 17инчи пакети боюнча иштеп жатканын кабарлаган. Ал эми Россия санкциялык кысымга туруштук бере аларын айтып келет. Чектөө чаралары натыйжа бербей жатканы Батыштын өзүндө да айтылууда.
Sputnik Кыргызстан
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/05/0f/1093987019_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_cc6db2069f0e04bba3498743a4ea6032.jpgSputnik Кыргызстан
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио