БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Ысык-Көл облусунда ШКУнун Run The Silk Road марафону өтүүдө. Ага дээрлик жыйырма өлкөдөн 3000ден ашык спортчу жана спорт сүйүүчүлөр катышууда. Маршрут деңиз деңгээлинен 1 600 метр бийиктикте көлдүн жээгин бойлоп өтөт. Катышуучулар 42, 21, 10 жана 3 чакырымга жарышат, ошондой эле программада 10 чакырымга скандинавдык басуу (таяк менен) жана балдар арасындагы чуркоо боюнча мелдештер бар. Старт Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромдон башталып, кайра ошол жерден бүтөт. ШКУнун колдоосу менен өткөн марафон World Athletics системасына кирет жана катышуучуларга башка беделдүү жарыштарга катышууга мүмкүнчүлүк берет. Спорттук иш-чаранын ачылышында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Айбек Абдымомунов сүйлөдү. Марафон Ысык-Көлдөгү жайкы туристтик сезондун ачылышындагы алгачкы иш-чара болду. Мындан тышкары, бүгүн Чолпон-Атада туристтик жарманке, этнофестиваль өтөт. Түштөн кийин министрлер кабинетинин төрагасынын кубогуна ат чабыш, улуттук ат оюндары жана түрдүү мелдештер башталат. Майрамдык программа жергиликтүү эстрада ырчыларынын катышуусундагы гала-концерт менен жыйынтыкталат. Концерт саат 19:00дө болорун айтышты.
БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Ысык-Көл облусунда ШКУнун Run The Silk Road марафону өтүүдө.
Ага дээрлик жыйырма өлкөдөн 3000ден ашык спортчу жана спорт сүйүүчүлөр катышууда. Маршрут деңиз деңгээлинен 1 600 метр бийиктикте көлдүн жээгин бойлоп өтөт. Катышуучулар 42, 21, 10 жана 3 чакырымга жарышат, ошондой эле программада 10 чакырымга скандинавдык басуу (таяк менен) жана балдар арасындагы чуркоо боюнча мелдештер бар.
Старт Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромдон башталып, кайра ошол жерден бүтөт.
ШКУнун колдоосу менен өткөн марафон World Athletics системасына кирет жана катышуучуларга башка беделдүү жарыштарга катышууга мүмкүнчүлүк берет.
Катышуучулар 42, 21, 10 жана 3 чакырымга жарышат, ошондой эле программада 10 чакырымга скандинавдык басуу (таяк менен) жана балдар арасындагы чуркоо боюнча мелдештер бар
Катышуучулар 42, 21, 10 жана 3 чакырымга жарышат, ошондой эле программада 10 чакырымга скандинавдык басуу (таяк менен) жана балдар арасындагы чуркоо боюнча мелдештер бар
Катышуучулар 42, 21, 10 жана 3 чакырымга жарышат, ошондой эле программада 10 чакырымга скандинавдык басуу (таяк менен) жана балдар арасындагы чуркоо боюнча мелдештер бар
Спорттук иш-чаранын ачылышында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Айбек Абдымомунов сүйлөдү.
Марафон Ысык-Көлдөгү жайкы туристтик сезондун ачылышындагы алгачкы иш-чара болду. Мындан тышкары, бүгүн Чолпон-Атада туристтик жарманке, этнофестиваль өтөт. Түштөн кийин министрлер кабинетинин төрагасынын кубогуна ат чабыш, улуттук ат оюндары жана түрдүү мелдештер башталат. Майрамдык программа жергиликтүү эстрада ырчыларынын катышуусундагы гала-концерт менен жыйынтыкталат. Концерт саат 19:00дө болорун айтышты.