Пресс-борбор

Рахимов: Евразия мейкиндигинде башкалардын катасынан сабак алуу маанилүү

Sputnik
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Дүйнө жүзүндө кайсы бир себептер менен жер которгон жарым миллиарддай кишини мигрант катары эсептөөгө болот. Бул тууралуу "Аппликата" стратегиялык чечимдер борборунун директору Кубат Рахимов Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн иш-чарада билдирди.
Анын айтымында, буга климаттык качкындар, жаңжалдардан же экономикалык абалдан улам жер которгондор кирет.
Эксперт Евразия мейкиндигиндеги миграция маселелесинде башкалар кетирген каталардан сабак алуу маанилүү экенин белгиледи.
"Аппликата" стратегиялык чечимдер борборунун директору Кубат Рахимов

"Ошол эле учурда өзүбүздүн уникалдуу жолубуз бар. Чоң мамлекеттин курамында болуп, дүйнө таанымыбыз өзгөчө. Андыктан бизге бирөөнү тууроонун кажети жок. Коопсуздук маанилүү болгон тең салмактуулукту табышыбыз керек", — деди ал.

Пресс-борбор
РФ элчилиги: Россияга кирүү боюнча билдирүү көзөмөл күчөтүлдү дегенге жатпайт
OSZAR »