Кыргыздын уңгусу болгон “Манас” эпосу илгертеден ооздон-оозго өтүп сакталып келген. Бул эпос кыргыздын өткөнүн, салтын санжырасын ичине камтып турат. Бул улуулукту алып жүрүүчүлөр, айтуучуларды “манасчы” деп элибиз илгертен кастарлап келген.
“Стимул” программасынын бул жолку коногу дал ушул улуу кесиптин улантуучусу, манасчы Улукмырза Эркинбеков. Ал “Манас” эпосу жана манасчылык өнөр тууралуу кеңири айтып берди.