Тарыхты барактасак, 1945-жылдын 13-февралында Кызыл армия Будапештти каармандык менен бошоткон. Советтик армия бошоткон аймактардын ичинен Будапешт шаары кармаштын узактыгы боюнча биринчи орунга чыккан.
Ошол кезде Гитлердин Будапештти кандай жол менен болсо да кармап турушубуз керек деген буйругу жарыяланган. Венгриянын калган бөлүгү нефтиден улам немецтерге керек болсо, ал эми Будапешт өнөр жай шаары эле. Албетте, баш калаанын аскердик жана саясий жактан алганда да өзгөчө орду болгон. Немецтер курчоодон калган Будапешттин ичине кириш үчүн бир нече ирет аракет кылган...
Будапештти камалоо. Венгриянын борборундагы ар бир үй чепке, ал эми кварталдар бастиондорго айланган. Коргонууга немецтер баарын, анын ичинде "Кайчылашкан жебелер" деп аталган жергиликтүү нацисттик партияга киргени үчүн армиядан куулган венгрлерди да салып турган. Дал ошол айыгышкан кармаштар Будапешт согушундагы өзгөчөлүк болду.
Кызыл армиянын аскерлери курчап, камалап кирип барып үйлөрдү душмандардан жер төлөсүнөн чатырына чейин "тазалашкан". Шаарды фашисттерден арылтуу артиллериянын жардамы менен калааны болушунча талкалабоого аракет кылып, бирок фашисттердин позициясына түзмө-түз атуу менен жүргүзүлгөн.
Будапештти бошотуп, немецтердин коргонуу топторунун тымтыракайын чыгаруу Гитлерди венгр нефтисинен эле ажыратпастан, Балкандан нацисттердин кетишин тездетип, советтик аскерлердин Чехословакияга, Австрияга багыт алышына мүмкүнчүлүк жараткан.